Кыргыз Республикасынын аймагындагы коркунучтуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү
“Кыргыз Республикасынын аймагындагы коркунучтуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо” – китебине толуктолор жана өзгөртүүлөр киргизилди.
Китеп толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коркунучтуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо» китебинин он тогузунчу басылышы болуп саналат.
Биринчи бөлүктө Кыргыз Республикасынын аймагында дуушар болгон эң кеңири таралган коркунучтуу жаратылыш процесстери, кубулуштары жана техногендик коркунучтардын айрым түрлөрү жөнүндө маалымат берилет.
Экинчи бөлүктө административдик облустардын, райондордун, Ош, Бишкек шаарларынын аймактарында кооптуу процесстердин жайылышы жөнүндө маалымат берилет. Региондордун схемалык карталарында коркунучтуу табигый процесстердин өнүгүү зоналары алардын мүмкүн болуучу көрүнүштөрүнүн күчүнө жараша коркунучтун даражаларына бөлүнүү менен көрсөтүлөт. Райондордун схемалык карталарында жер көчкүлөрдүн, селдердин, суу ташкындарынын, жээк эрозиясынын, таш кулоолордун жана кар көчкүлөрүнүн мүмкүн болуучу таасиринин зоналары, бийик тоодогу жарылуу коркунучу бар көлдөрдүн, калдык сактоочу жайлардын орду жана коркунучунун даражасы көрсөтүлөт. Административдик райондор үчүн типологиялык райондоштуруунун карта-схемаларында жер көчкү коркунучу бар аймактар белгиленген.
Үчүнчү бөлүктө коркунучтуу процесстерге мониторинг жүргүзүү, божомолдоо жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча ар кандай ведомстволордун жана авторлордун макалалары жана материалдары камтылган.
Басылма мамлекеттик администрациялар, министрликтер, ведомстволор, жергилүктүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жагында Жарандык коргонуунун милдеттерин ишке ашыруу үчүн колдонмо документ болуп саналат.
Китепти маалыматтык материал катары өзгөчө кырдаалдарда коопсуздук маселелери менен алектенген уюмдар, долбоорлоочулар, адистер колдонсо болот.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги китепти түзүүгө катышкан министрликтерге, уюмдарга, адистерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.
Китептин бөлүктөрү төмөнкү шилтемеде:
Глава 3 Баткенская область 2023.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 4 Джалал-Абадская область2023.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 5 Иссык-Кульская область2023.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 6 Нарынская область2023.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 7 Ошская область2023.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 8 Таласская область2023.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 9 Чуйская область2023.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 10 Город Бишкек2023.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 11 Город Ош2023.pdf (Көчүрүп алуу)
Часть 3. Научные статьи и статистика2023.pdf (Көчүрүп алуу)
Введение, Глава 1 и 2.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 3. Баткенская область.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 6 Нарынская область.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 7 Ошская область.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 8 Таласская область.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 4 Джалал-Абадская область общая.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 5 Иссык-Кульская область.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 9 Чуйская область.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 10 Город Бишкек.pdf (Көчүрүп алуу)
Глава 11 Город Ош.pdf (Көчүрүп алуу)
Часть III. Научно-исследовательские разработки в области мониторинга и прогнозирования ЧС.pdf (Көчүрүп алуу)