Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча топ (ӨКЖКТ)

Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча тобу (мындан ары – ӨКЖКТ) 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк тобун, Кызыл крест жана Кызыл Ай кыймылынын жана башка негизги тараптардын ортосундагы кызматташтыкты жана координацияны жакшыртуу, өзгөчө кырдаалдарга эффективдүү гуманитардык жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн.

Максаты:

ӨКЖКТ консультациялык-кеңеш берүүчү механизм болуп саналат. Анын негизги максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча өзгөчө кырдаалдарга гуманитардык жардам көрсөтүүнү координациялоо жана ӨКЖКТ өнөктөштөрү менен башка негизги тараптардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат. Бул максатка жетүү үчүн ӨКЖКТ өнөктөштөрү төмөнкүлөргө милдеттенишет:

  • ӨКЖКТ азыркы тажрыйбасын өркүндөтүү;
  • Иштелип чыккан техникалык тапшырмалардын негизинде милдеттерин, жоопкерчиликтерин жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү үчүн зарыл болгон чараларды кабыл алуу менен, зарыл структураларын (топторду, жумушчу топторду, аянтчалар, командаларды, тармактарды, ж. б.) уюштуруу;
  • Өзгөчө кырдаалдардын коркунучтарына жана коркунучтарына жана жергиликтүү муктаждыктарга пропорционалдуу өзгөчө кырдаалдарга эффективдүү жана тийиштүү гуманитардык жооп кайтарууну камсыз кылуу үчүн потенциалды түзүү жана тийиштүү адамдык жана материалдык ресурстардын даяр/ “күтүү” абалын кармап туруу;
  • Тармактык деңгээлде күтүлбөгөн кырдаалдардын пландарын даярдоо жана жаңылоо;
  • Өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана жооп кайтаруу боюнча ӨКЖКТ өнөктөштөрүнүн ортосунда маалыматты тез арада жайылтуу жана гуманитардык жардам көрсөтүү.

 

ӨКЖКТ                                                       Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча топ

ЭККК                                                           Эл аралык Кызыл Крест комитети

КР ӨКМ                                                      Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

КР КТА Улуттук Платформа                Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформа

ЫЖККТ                                                      Ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык топтор

БУУнун ТК                                                 БУУнун Туруктуу координатору

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу