УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДУН КУБАТТАГЫЧЫН ЭЛЕКТР ТОГУНДА КАЛТЫРБАҢЫЗ!

Кароолор (67)

УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДУН КУБАТТАГЫЧЫН ЭЛЕКТР ТОГУНДА  КАЛТЫРБАҢЫЗ! 

 

Кадимки уюлдук телефонуңуздун кубаттагычы (зарядное устройства) өрттүн келип чыгышына алып келиши толук мүмкүн. Андыктан төмөндөгү жөнөкөй эрежелерди так сактаңыз:

  • Уюлдук телефондун кубаттагычын токко сайган бойдон калтырбаңыз. Эсиңизде болсун, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам электр кубаты кескин жогорулап кетиши мүмкүн. Бул кубаттагыч ысып, түтөп өрттөнүшүнө алып келет;
  • Заманбап телефон кубаттагычы өрткө каршы системасы менен жабдылган. Бирок убакыттын өтүшү менен анын ички тетиктери эскирет. Өзгөчө арзан баадагы жана үч жылдан ашык пайдаланылган кубаттагыч буюмдар өрт кырсыгына кептейт;
  • Кубаттагыч ысып кеткенин байкасаңыз, аны алмаштырганыңыз оң;

 

  • Кубаттагычты, телефонду, планшеттерди күндүн нуру түз тийген жерге коюуга болбойт;

 

  • Телефонду токко сайып алып көпкө сүйлөшүүгө, оюн ойноого, кино, видео көрүүгө болбойт;

 

  • Кубаттагычты электр тогуна сайганда кароосуз калтырбаңыз. Айрыкча кичинекей балдардын колу жетпегендей болушу керек жана анын чубалгысы менен ойноого жол бербеңиз;

        Эсиңизде болсун!

  • Электр чыңалуусунун кубаттуулугу катуу шамал, бороон болгондо, жаан жааганда, чагылган түшкөндө көп болот. Бул кезде бардык үй-тирчилик буюмдарын электр тогунан ажыратып коюу ишенимдүү.

 

  • Күнүмдүк турмушта колдонулган электр түйүнүндөгү токтун чыңалуусу эң сапаттуу тиричилик буюмдарын бузушу  толук мүмкүн.

 

         КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу