ҮЙДӨГҮ БААЛУУ БУЮМДАН ДА ӨМҮР КЫМБАТ ЭКЕНИН ЭСТЕН ЧЫГАРБАҢЫЗ

Кароолор (67)

ҮЙДӨГҮ БААЛУУ БУЮМДАН ДА ӨМҮР КЫМБАТ ЭКЕНИН ЭСТЕН ЧЫГАРБАҢЫЗ

 

Тилекке каршы, адамдардын көпчүлүгү тилсиз жоо учурунда гана коопсуздук жөнүндө көп ойлонот.

Статистика көрсөткөндөй, ичкилик ичкендер эле эмес, “сактыкка кордук жок” девизи менен жашагандар да капыстан чыккан кырсыктын курмандыгы болушу мүмкүн. Айрым учурда тургундар да өрттөн үй-мүлкүн жоготуп, кээде өмүрүнөн ажырашат. Андыктан ӨКМ өрт учурундагы аракеттердин негизги эрежелерин билүүнү сунушташат.

Жаңы башталган өрттү синтетикалык эмес материалдардан жасалган жууркан (одеал) же сүлгү менен жалынды жаап, кычкылтектин кирүүсүн токтотуп, өрттү өчүрүшөт. Аны суу менен өчүрсөңүз болот, бирок сиз мындай шартта электр чубалгыларына жана иштеп турган электр буюмдарына же күйүп жаткан майга суу чачпаңыз. Алгач төмөнкүлөрдү эске алыңыз.

✅1. 101 же 112 телефону аркылуу куткаруучуларды, өрт өчүрүүчүлөрдү чакырыңыз. Диспетчерге өрт чыккан даректи, анда адамдардын бар экендигин жана жакын жердеги имараттарга коркунуч тууларын билдириңиз.

✅2. Батирден же үйдөн дароо чыгып кетиңиз. Мүмкүн болсо, күйүп жаткан бөлмөнүн эшигин бекем жаап коюңуз – бул өрттүн жайылышына жол бербейт.

✅3. Тургундарды жана кошуналарды эвакуациялоо. Кары-картаңдарга жана жашы жете электерге жардам берүү.

✅4. Мүмкүн болсо үйдөгү электр энергиясын өчүрүңүз, жеке сектордо жашасаңыз газды өчүрүңүз.

✅5. ӨКМ куткаруучуларына маалыматты так бергенге аракет кылыңыз.

Эгерде:

• үйүңүздөн чыга албасаңыз, балконго чыгып, өтүп бара жаткандарды жардам берүүгө чакырыңыз;

• катуу түтүндөн сыртка чыгууга мүмкүн болбосо, эшиктин жаракаларын нымдуу чүпүрөктөр менен каптоого аракет кылыңыз. Бул – түтүндүн, жогорку температуранын батирге тез таралышына жол бербейт.

Демек, сууланган чүпүрөк түтүн менен күрөшүүнүн абдан жөнөкөй, эффективдүү каражаты болуп саналат. Эгер сиз ооз жана мурунду жапсаңыз, түтүндө эркин дем ала аласыз. Акыркы чара катары, полго жатыңыз: ал жерде, нейтралдуу аймак бар, анда дээрлик түтүн жок, анткени ал негизинен жогору көтөрүлөт.

🚫Өрт учурунда сиз төмөнкүлөрдү кылбаңыз:

• дүрбөлөң;

• лифтти колдонуу (ал токтоп, ичинде калып калышыңыз мүмкүн);

• терезелерди ачпаңыз (кычкылтектин агымы өрттүн тутанышына шарт түзөт);

• үйдө калган баалуу буюмга барбаңыз, өмүр андан да кымбат экенин унутпаңыз;

• күйүп жаткан адамга синтетикалык эмес материалдардан жасалган жууркан (одеал) жаап, өчүрүүгө жардам бериңиз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу