СУУ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ТАК САКТАЙЛЫ! ӨМҮР – БААРЫНАН КЫМБАТ!

Кароолор (247)

СУУ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ТАК САКТАЙЛЫ!
ӨМҮР – БААРЫНАН КЫМБАТ!

‼️СУУГА ТҮШҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ:

🔹Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат;
🔹Сууга чоңдордун, ата-энелердин көзөмөлүндө гана түшүү керек;
🔹Мурда көрүп-билбеген, балыры көп жерге түшүүгө болбойт. Суунун тереңдиги көрүнбөйт. Бутка оролгон балыр сууга түшүүгө тоскоолдук жаратып, чөгүп кетүүгө жол ачат.

🔻АЛЫС СҮЗБӨ;
🔹Мас болуп сууга түшкөнгө болбойт;
🔹Баланы суу боюнда кароосуз калтырбагыла;
🔹Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
🔹Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлагыла;
🔹Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал;

‼️АЛ ЭМИ СУУДА СҮЗГӨНДҮ БИЛБЕГЕНДЕР ҮЧҮН КЕҢЕШ:

🔹Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса, адам өзүн-өзү сактап калуусу мүмкүнчүлүк түзүлөт;
🔹Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат;
🔹Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.

‼️КАЙЫКТА БОЛСОҢУЗ:
🔹кароосуз калган жана техникалык жактан оң болбогон кайыктарды пайдаланбаныз;
🔹мас абалда кемеге түшүп сейилдебеңиз;
🔹сууда сүзүп бара жатып, бир кайыктан экинчи кайыкка олтурбаңыз;
🔹караңгы киргенден кийин кайык, катер, катамаран колдонбоңуз.
❗ЭГЕР СИЗ:
🔹чарчап турсаңыз;
🔹ачка болсоңуз;
🔹суусап турсаңыз;
🔹ооруп айыксаңыз;
🔹спирт ичимдиктерин ичсеңиз сууга түшпөй койгонуңуз дурус.

Ар бир кыймылыңыздан сиздин жана сиздин жакыныңыздын өмүрү көз каранды

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу