ӨМҮРҮҢҮЗДҮ ТОБОКЕЛДИККЕ САЛБАҢЫЗ!
20.05.2024
Кароолор (1019)

ЖЕР КӨЧКҮ
ӨМҮРҮҢҮЗДҮ ТОБОКЕЛДИККЕ САЛБАҢЫЗ!
ӨКМ эскертет!
Жер көчкү – бул акырындык менен жылып же күтүүсүздөн тез түшкөндүгү менен айырмаланган катастрофалык кыйратуучу күчкө ээ.
Оор кесепеттерге алып келүүчү кооптуу табигый процесс.
Жер көчкүлөрдүн түшүүсүнүн негизги себеби болуп тоо боорундагы кыртыштардын ашыкча нымдалуусуна алып келүүчү нөшөрлөп жааган жаан-чачындар жана кардын калың түшүүсү ошондой эле сейсмикалык термелүүлөр.
Жер көчкү коркунучу бар тилкелерде адамдардын жүрүүсүнө, мал жаюуга, айыл чарба жумуштарын жүргүзүүгө катуу тыюу салынат!
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары кооптуу аймактарда жашаган калкты коопсуз аймактарга көчүрүп чыгаруу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен берилген эскертмелерди кынтыксыз аткарышы керек.
Ал эми тиешелүү мекеме- ишканалар кооптуу аймактарда жайгашкан обьектилерди коопсуз аймактарга көчүрүүнү камсыз кылуусу зарыл.
Кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөр көчүп чыгуу тууралуу берилген эскертмелерди аткарууга тийиш!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
https://fb.watch/saZv_L_vpY/