Муз үстүндөгү коопсуздук эрежеси
13.02.2024
Кароолор (1016)

Муз үстүндөгү коопсуздук эрежеси
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет!
- Көлмөнүн үстүнө тоңгон муздун үстүнө эч качан жалгыз барбаңыз, муздун калыңдыгын текшерүү үчүн бутуңуз менен тепкилебеңиз!
- кар астындагы музда сизге көрүнбөгөн жаракалар, тешиктер болот. Атүгүл эшиктеги сууктун күчү катуу болгон учурда да тоңгон муз жука болуп, ал жарылып кетиши толук мүмкүн
- Калыңдыгы 5 см муз чоң кишини көтөрө албайт.
- Ал эми 10 см болгон муздун үстүндө балык уулоого болот. Бирок муз үстүндө басууга болбойт.
- 12 см калыңдыктагы музда кар унаасы (снегаход) 20-30 см музда жеңил унаа, калыңдыгы 30-38 см болгон музда жүк ташуучу унаа жүрө алат.
Эске алыңыз! Муздун үстүнө кар жаап, туман түшкөндө жана караңгыда чыкпоо зарыл.