КАДИМКИ ГАЗ БАЛЛОНДУ КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИН БИЛЕСИЗБИ?

Кароолор (112)

✅КАДИМКИ ГАЗ БАЛЛОНДУ КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИН БИЛЕСИЗБИ?

 

Дал ушундай суроо берилгенде албетте, күнүмдүк жашоодо колдонуп жүрөбүз, анын кандай кыйынчылыгы бар, оңой эле дешиңиз мүмкүн.

Күчү азыраак газы түгөнгөн 500 граммдык баллон жарылганда анын учукунунан жабыркаган жарандарыбыз да жок эмес. Андыктан, мындай утурумдук тутандыруучу кичине баллондор бошосо, күйүп жаткан отко салбоого чакырабыз. Ал эми кадимки чоң баллондун жарылуу күчү, толкуну жолундагыларды талкалоо, жок кылуу, адамдарды майып кылуу кудуретине ээ.

Өтө кооптуу өрт коопсуздугунун алдын алуу үчүн Кыргыз Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы №381 токтомуна көз жүгүртүп коюуну сунуштайбыз. Аталган токтомдо күнүмдүк жашоодо жана тез татым ашканаларында дегеле, кафелерде, тойканаларда жаратылыш газын жана газ баллондорду сактоо, колдонуу эрежелери так жазылган.

Сыйымдуулугу 10 литрден ашкан газ баллондорду баарыбыз эле үйгө киргизип аларыбызды эч ким танбаса керек. Бирок, эреже боюнча жогорудагы токтомдун 157-пунктунда мындай баллондор үйдүн сыртында, желдеп турган металл шкафта сакталары айтылат. Ал эми тоңуп калган газды ысык суу, буу, ысытылган кум менен жылытаары 139-пунктунда жазылган. Мына ушундай майда бирок, маанилүү эрежелерди билип алуу ашыкча болбос.

✅Үй шартында, тез татым соода түйүндөрүндө, ашканаларда газ баллонду кылдаттык менен колдонуу зарыл. Ири өрт кырсыгын жарата турган эскилиги жеткен баллондорду колдонбоңуз. Ар бир беш жылда аны атайын адистердин кароосунан өткөрүп колдонуу мөөнөтүн текшертип алыңыз.

✅Эгерде сиз газ баллон түгөнгөндө толтуртуп турсаңыз, атайын газ менен иштеген адистер гана коопсуз толтуруп беришет. Үй ичинде газ баллон жылытуучу электр буюмдарынан, мештерден, электр чубалгыларынан алыс жайгаштыруунун эсиңизден чыгарбаңыз.

✅Баллондун кулап кетүүсүнө жол бербей, бекем жайгаштыралы. Аны бир орундан экинчи орунга жылдыруу, ташуу этияттыкты талап кылат. Өрт коопсуздук эрежелерин сактап, үй тиричилигинде газ баллонду абайлап колдонуңуз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу