ГРАДУСНИК СЫНГАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?!

Кароолор (37)

🔴 ГРАДУСНИК СЫНГАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?!

 

▫️Бөлмө ичинде градусник сынып, ртуть майда бөлүкчөлөргө чачыраган учурда, эң биринчи кадам бөлмөнүн терезе, эшигин ачып, таза аба кирүүсүнө шарт түзүңүз.

▫️Жердеги ртуть затын резина кол кап кийип, сууланган гезит, эң майда бөлүкчөлөрүн “лейкопластыр” медициналык каражатынын жардамы менен чогултуңуз. Чаң соргучту колдонууга болбойт!

▫️Чогултулган ртутту суу куюлган желим бөтөлкөгө салып, оозун бек жабыңыз. Таштандыга, сыртка, унитазга таштаганга болбойт. Уулу затты зыянсыздандыруучу адистерге кайрылыңыз.

▫️Ртуть төгүлгөн жерди самын жана сооданын ысык суудагы аралашмасы же хлор, марганцовка менен жууп тазалаңыз.

Ртуть затына уулануунун белгилери:

- Адам ртутка катуу ууланганы 8-24 саат ичинде билинет;

- Алсыз болуу;

- Табиттин жоголушу;

- Баш оору;

- Шилекей жутканда тамактын оорушу, оозго темирдин даамы келиши;

- Ооз көңдөйүнүн канашы;

- Ич оруу;

- Көңүл айнуу, кусуу;

- Ич өтүү;

- Шишик пайда болот. Мына ушу белгилер пайда болгондо, жакын жердеги медициналык мекемедеги дарыгерге кайрылып, тийиштүү жардам алыңыз. Саламаттыгыңызга өз убагында кам көрүңүз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу