АСМАН ЧЫРАКТАРЫ КАНДАЙ ЗЫЯН АЛЫП КЕЛЕРИН БИЛЕСИЗБИ?

Кароолор (48)

ӨКМ ЭСКЕРТЕТ!

АСМАН ЧЫРАКТАРЫ КАНДАЙ ЗЫЯН АЛЫП КЕЛЕРИН БИЛЕСИЗБИ?

Жаратылыш койнунда жаркыраган асман чырактарынын кооздугун көрдүңүз беле. Өзгөчө жаштардын кыялы – түнкүсүн жалындаган чырактардын фонунда сүрөткө түшүү. Албетте кооздукка бөлөнүү сонун деңизчи!.. Жаштарга өзгөчө энергия, жаркын маанай тартуулайт.

Сиз билесизби, асман чырактары убактылуу сулуулук, кооздук тартуулаган менен өзүнөн кийин жаратылышка, айлана-чөйрөгө, канаттууларга, жан-жаныбарларга тийгизген таасирин?

Ачык от менен учкан асман чырактары өрт кооптуулугуна жол ачып, ал тургай, жаныбарлар, канаттуулар жабыркап калуусу толук мүмкүн.

✅Асман чырактары кагаздан жасалып, жеңил жыгач алкактын үстүнө тартылат. Андагы жалын чырактын ичиндеги абаны ысытат жана ал абага көтөрүлөт.

✅ Чырактар жарым саатка чейин учуп, 6 километрге чейинки аралыкты басат. Алардын ишке кириши кээ бир өлкөлөрдө бир нече жолу өрткө алып келген.

✅ Чырактар үйдүн чатырына, куураган чөптүү сарайга, жыгач курулштарга, тоодогу кампаларга, май куюучу жайларга жана башка өрткө кооптуулугу жаралчу объекттерге конот. Жаратылыштагы өрт чыгуунун бирден-бир себеби болушу мүмкүн.

✅ Учуруу аянтчасынын жанында имараттар жана курулуштар, электр өткөргүчтөрдүн зымдары жана мамылары, бак-дарактар, ошондой эле жарнак курулмалары, аэропорттор жана негизги магистралдар болбошу керек.

✅ Асман чырактарды калктуу конуштардан, шаардык райондордон жана токойлордон алыс жайгашкан аймактарда кургак, тынч аба ырайында, ачык мейкиндикте иштетсеңиз болот.

✅ Эң жакшысы – майрамдарда, салтанаттарда асман чырагын колдонбой коюу менен жаратылышка, жан-жаныбарларга аяр мамиле көрсөтөсүз! Анткени учуп бара жаткан канаттууларга, жайылып жүргөн малга зыянын тийгизбейт эч ким кепилдик бере албайт.

Андыктан ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматы асман чырактарын колдонуу кооптуулугун маалымдайт! Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалындаган ачык отту колдонуу менен башкарылбаган учуучу фонариктерди колдонууга жана учурууга тыюу салат!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу