АБАЙЛАҢЫЗ! ЧАТЫРДАГЫ МУЗ ӨМҮРҮҢҮЗГӨ КООПТУУ

Кароолор (73)

✅АБАЙЛАҢЫЗ!

 

ЧАТЫРДАГЫ МУЗ ӨМҮРҮҢҮЗГӨ КООПТУУ

 

Кыш мезгилинде жана эрте жазда абанын табы кескин түрдө жогорулап, кайра төмөндөгөндө бак-дарактардын бутагында, жарнама калкандарда ж.б жерлерде салаңдаган муздар пайда болгонун көрүп жүрөбүз. Бул көрүнүшкө чоңдор көп көңүл бурбай шаша-буша жол уласак, кичинекей балдар аны түшүрүп ойногонго кызыгышат. Катуу жана учтуу муз кокустан адамдын башына түшсө, арты өкүнүчтүү бүтөрүн эстен чыгарбашыбыз зарыл! Мындан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төмөнкү эрежелерди эске алууну сунуштайт:

- Көп кабаттуу имараттардын, турак үйлөрдүн чатырында пайда болгон муздар эң көп кооптуулук жаратат. Андыктан жол жээгинде бара жатканда имараттын дубалына жакын баспаңыз;

- Чатырдын карнизинин астына турбаңыз;

- Балдардын пайда болгон муздарды сындырып ойноосуна жол бербеңиз;

- Сыртка чыгып жатканда үйүңүздүн, имараттын чатырына чогулган кардын көлөмүнө көңүл буруңуз;

- Жол өтмөктөрүнөн бара жатканда чатырдан кандайдыр бир дабыштарды уксаңыз, маани бериңиз. Бул учурда чатырга топтолгон кар массасы же тоңгон муз түшүшү мүмкүн;

- Кулакчаны тагынып алып жолдо баспаңыз! Жерди эле эмес, өйдө жакты да карап, айланыңызга көңүл буруңуз;

- Унааны жана баланын коляскасын имараттын дубалына, балконго жакын койбоңуз;

❗Эсиңизге түйүңүз! Коопсуздук өзүңүздүн колуңузда. Жөнөкөй эрежелерди сактоо менен жакыныңыздын жана өзүңүздүн өмүрүңүздү сактай аласыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу