ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! КР ӨКМ КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Кароолор (449)


Акыркы күн  17.11.2025
Квалификациялык талаптар  

КР ӨКМнин  Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти Кыргыз Республикасынын
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”
мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-
февралындагы УП №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана
муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө”
жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн 
административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна ачык конкурс жарыялайт:

Жарандык  административдик кызмат орундарынын улук тобуна

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: юридикалык, экономикалык,педагогикалык,өзгөчө кырдаалдар.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы жалпысынан бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама

7)Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2017-жылдын 19-июлу № 127 Электрондук башкаруу жөнүндө

3.2Предметтик мыйзамдар 

1)2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери  жөнүндө “

2) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси. 

3)- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”,

4)2022-жылдын 2-февралындагы № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципиалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыктарын;

5)- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтомун, 

6)- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти           жөнүндө жобо.

3.3. Билгичтиги:

-коллективди башкарууга жөндөмдүүлүгү,демилгелүүлүгү,обьективдүүлүгү жана жоопкерчиликтүүлүгү;

-Департаменттин бөлүмдөрүнүн иш жөндөмдүүлүгүн координациялоо,бүткөрүлгөн обьектилерди кабыл алуу жана эксплуатацияга тапшырууда адистерди туура колдонуу,үнөмдүү иштөөсүн камсыздоо;

-кабыл алынган техникалык чечимдерге анализ жүргүзүү,дефекттик акттарды түзүү,керек учурда обьектке барууну уюштуруу жана адистер менен техникалык кеңешме өткөрүү;

-курулуш жумуштарынын технадзорлодун жумушуна анализ жүргүзүү,керек учурда аткарылган жумуштун көлөмүн өлчөө үчүн текшерүү өлчөмүн жүргүзүү.

3.4.Көндүмдөрү: 

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу(баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү,мамлекеттик органдын жетекчилигин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү);

-тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо;

-жарандык коргонуу багытында иш материалдарын өз алдынча иштеп чыгуу;

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg  жеке кабинети аркылуу:

 - электрондук форматта өтүнмө берет;

- Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт;

- мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.

Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү көрсөтүлгөн документтер (сканерленген) тиркелет: 

- паспорттун көчүрмөсү;

- кадрлык өздүк баракчасы

- өмүр баяны, резюме (уюлдук телефонун, электрондук почтасын жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

   - керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтер (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

 Документтерди 2025-жылдын  14-ноябына чейин кечиктирбестен кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек. Ош шаары, Муминова көчөсү 11, 1-кабат 4-кабинет ,7-13-52, 0553112907

 

ЭСКЕРТҮҮ: Толук эмес же квалификациялык талаптарга жооп бербегендер конкурстук комиссиянын отурумунда каралбайт. Байланыш телефон номерлери жана электрондук почтанын дареги көрсөтүлүшү керек.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу