ЖАРЫЯ! ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Кароолор (345)


Акыркы күн  17.03.2025
Квалификациялык талаптар  

 

  1. Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна: 

Кесиптик билим деңгээли:

жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: юриспруденция.

            Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

            Төмөнкүлөрдү билүү: 

Жалпы мыйзамдар: 

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому.

Предметтик мыйзамдар: 

– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 “Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                                  28-октябрындагы № 233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентин.

Билгичтиги:

– Кыргыз Республикасынын укуктарынын нормаларын билүү жана аларды тажрыйбада колдонууну;

– Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларга экспертиза жүргүзүүнү билүү;

– сот органдарында отурумдарга катышуу боюнча тажрыйбанын жана жөндөмдүүлүктүн болушу; 

– аналитикалык иш-кагаздарды түзүүнү, презентацияларды жасоо жөндөмдүүлүгү.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.

Документтерди 2025-жылдын 17-мартына чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.612 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу