ЖАРЫЯ! ӨКМ МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК КЫЗМАТЫНЫН ОРУНДАРЫНА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
31.07.2026
Кароолор (38)
Акыркы күн 10.08.2026
Квалификациялык талаптар
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрликтин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялансын:
- Жарандык административдик кызмат орундарынын улук тобуна (Бишкек ш., Талас ш., Каракол ш.) –1 бирдик:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы жалпысынан бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
- Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоону жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Суу жөнүндө” Мыйзамдарын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана алрды баалоонун критерийлердин бекитүү жөнүндө” токтомунун;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" кызматы жөнүндөгү жобосу”;
- Гидротехникалык курулуштар. Негизги жоболор. ЭКН 33-01-12; Гидротехникалык курулуштар. Долбоорлорун негизги жоболору (ЭКН 3.04-01-2005, КНжЭ 2.06.01-86); Суу каптоодон инженердик коргоону КНжЭ 2.06.15-85; Гидротехника. Негизгиитүшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73; Селден коргоочу курулмалардын эксплуатациялоо эрежелери. Негизги жоболоруу ЧД 33-3.2.05-88; Кыргызстандын тоолу дарыяларынын шартында жээк коргоочу тосмолорду долбоорло боюнча сунуштар.
3.2. Билгичтиги:
- толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер);
- объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү;
- технологиянын негиздери жана курулуш иштерин түрлөрүн билүү;
- Толук оңдоолуучу объекттерге керектөөчү каржаттын эсептеп чыгаруу;
- техникалык эксплуатациянын эрежелерин коргоо жана калыбына келтирүү жумуштарынын түзүлүшүн, техникалык тейлөөнү;
- аналитикалык иш - кагаздарды түзүү;
- презентация жасоого жөндөмдүү
3.3.Көндүмдөрү:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
- геодезиялык инстурменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү
- мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата;
- мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата.
II. Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу:
- форма боюнча жеке арызы;
- кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен);
- резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен);
- өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
- негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтери;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү иш орду боюнча күбөлөндүрүлгөн;
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтери.
- дипломдун көчүрмөсү;
- паспорттун көчүрмөсү.
Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2026-жылдын 31-июлдан тартып 10-августка чейин жарыя чыккан күндөн тартып төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Талас шаары, Ч.Айтматов көч. 370, Талас облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнө, тел.: 0559112396; Бишкек шшары, Осмонкула көч. 128, Чүй облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнө, тел.: 0550943239; Каракол шаары, Алыбаков көч. 87, Ысык-Көл облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнө, тел.: 0551227219; Ош шаары, Моминова көч.,11, 1 кабат, 13 кабинет, тел.: 0558112400 кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек. Толук маалыматты КР ӨКМнин (www.mes.gov.kg) сайттарынан алса болот.