ЖАРЫЯ! ӨКМ КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Кароолор (75)


Акыркы күн  05.09.2025
Квалификациялык талаптар  

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат 

жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын, 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 

2-февралындагы № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү

 өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын башкы жана улук топторуна конкурс жарыялайт:

 

  1. Министрликтин кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурс жарыялансын:

1.1. Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы тобуна: 

              Кесиптик билимдин деңгээли: 

- жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш, табият таануу илимдери, экономика жана башкаруу.

 Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик кызмат же/жана муниципалдык кызмат стажы же болбосо адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”  Кыргыз 

Республикасынын  Конституциялык Мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- “Кызыкчылыктардын кагылышуусу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 31-майындагы № 171 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодексин бекитүү жөнүндө” Жарлыгы; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому. 

Предметтик мыйзамдар: 

“Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- “Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын                   17-январындагы № 21 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын                    22-февралындагы № 77 “Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартибин жана Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                   15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти жөнүндө жобону.

Билгичтиги: 

- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- бөлүмдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

- башкаруучулук технологияларды билүүсү, чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

- алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- өз ишин жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

Көндүмдөрү: 

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө;

- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө.

1.2. Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна: 

Кесиптик билим деңгээли: 

– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык илимдери, архитектура жана курулуш, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жаатында. 

Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар: 

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын                         3-мартындагы № 120 токтому.

Предметтик мыйзамдар: 

– “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 токтому;

– “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы               № 219 токтому;

– “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги           № 179 токтому;

– “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 16 токтому;

– “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 токтому;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                          15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо. 

Билгичтиги:

– геодезиялык инструменттерде иштөөнү билүү, жеринде тиешелүү тартууларды жүргүзүүнү;

– курулуштагы экономикалык суроолорду билүү, калькуляция, сметаларды жана сметалык-каржы эсептерин жүргүзүүнү;

– аналитикалык жөндөмдүүлүгү, аналитикалык иш-кагаздарын даярдоо, презентация жасоо жөндөмдүүлүгү болушу;

– жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүүгө, командада иштөөгө жөндөмдүү болушу.

Көндүмдөрү:

– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү.

1.3. Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна: 

Кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: юриспруденция.

            Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү: 

Жалпы мыйзамдар: 

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын                       3-мартындагы № 120 токтому.

Предметтик мыйзамдар: 

– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын; 

– “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;

– “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;   

– “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын; 

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 “Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомун; 

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын            28-октябрындагы № 233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” токтомун; 

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын              15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентин.

Билгичтиги:

– Кыргыз Республикасынын укуктарынын нормаларын билүү жана аларды тажрыйбада колдонууну;

– Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларга экспертиза жүргүзүүнү билүү;

– сот органдарында отурумдарга катышуу боюнча тажрыйбанын жана жөндөмдүүлүктүн болушу; 

– аналитикалык иш-кагаздарды түзүүнү, презентацияларды жасоо жөндөмдүүлүгү.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

1.4. Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна: 

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика, бухгалтердик эсеп жана аудит, финансы.

 Иш стажы жана тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  Кесиптик компетенттүүлүгү:

  Төмөнкүлөрдү билүү: 

Жалпы мыйзамдар: 

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын                       3-мартындагы № 120 токтому.

Предметтик мыйзамдар: 

– Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 7-сентябрындагы № 267 “Аскер кызматчыларына, аскер кызматынан бошотулган адамдарга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кепилдиктери жөнүндө” Жарлыгы;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы              № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-октябрындагы              № 620 “Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларынын акчалай акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”токтому;

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын                      1-августундагы № 433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                     15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону; 

– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын                     22-январындагы № 1-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун.

 Билгичтиги:

– материалдык-жооптуу адамдардын товардык-материалдык баалуулуктарды жокко чыгаруу боюнча актылары, материалдык отчёттору менен иштөө тажрыйбасы болушу;

– кызматтарды жана материалдарды камсыздоочу менен эсептешүүлөрдү тактоону, камсыздоочуларды дебитордук карызды жабууну талап кылууну, кызматтарды жана товарларды, материалдарды камсыздоочу менен түзүлгөн келишимдин аткарылышына көзөмөл  жүргүзүүнү; 

– материалдык баалуулуктарды алуу үчүн ишеним каттарды берүү жана каттоо журналын жүргүзүүнү;

– статистикалык отчеттуулукту даярдоону жана  тапшырууну;

– аванстык суммалар боюнча отчётторду талдоону;

– (Microsoft Word, Excel, Power Point, Outlook ж.б.) компьютердик программалары менен иштөөнү;

– жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү, командада иштөө жөндөмдүү болушу;

– аналитикалык жана стратегиялык иш-кагаздарын даярдоону, презентациялык жөндөмдүүлүгү болушу;

– кызматтарды, жумуштарды жана материалдарды камсыздоочу менен түзүлгөн келишимдердин реестрин түзүүнү;

– мамлекеттик мүлк фондусунун негизги каражаттары боюнча жылдык инвентаризация жүргүзүүнү.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

  • негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтери; 

–эмгек китепчеси (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамын (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтери.

Документтерди 2025-жылдын 5-сентябрына чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.

 

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу