Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна ачык конкурс жарыялайт
15.07.2026
Кароолор (88)
Акыркы күн 28.07.2026
Квалификациялык талаптар
КР ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна ачык конкурс жарыялайт:
I. Жарандык административдик кызмат орундарынын улук тобуна(У-Б) (Бишкек ш.) 1-бирдик:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдарын;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө”, 2018-жылдын 22- ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун;
- - Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери жана эрежелери боюнча “Бүткөн объектилерди эксплуатацияга кабыл алуу” (СНиП КР 12-03-00), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик курулуш жана архитектура инспекциясы тарабынан бекитилген 2000-жылдын 27- июнундагы №8 токтому менен бекитилген, “Өндүрүштүк имараттар”
(СНиП КР 31.05.2001,СНиП 2.05.03-84, СНиП 2.03.01-84,СНиП 13.01-98, СНиП2. 06.0482)”, Мамлекеттик архитектура боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу комиссиясынын 2001-жылдын 16-апрелиндеги №62 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын территориясында курулма, имарат, мекемелердин курулуш наркын аныктоочу көрсөтмө (СНиП 81-01-00, азыркы мезгилде гидротехникалык курулмалар боюнча СНиП).
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
- жогорку билими, төмөнкү багыттар боюнча: курулуш жана архитектура техникалык жаатында;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/ же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3.2. Билгичтиги:
- аналитикалык документтерди даярдоо;
- - жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
- - кабыл алынган техникалык чечимдерге анализ жүргүзүү,курулуш объектисине дефекттик акт түзүү; - текшерүү көлөмүн жүргүзүү;
- - компьютердик билими (Auto Cad, Credo-Dat) ;
- - геологиялык инженер-типографиялык изилдөөлөрдү объектте жүргүзө билүүсү;.
3.3. Көндүмдөрү:
3.Көндүмдөрү: - аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
- командада иштеп кетүү жөндөмү, жоопкерчилиги, демилге көтөрө билүүсү;
- ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
II. Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
- Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын, резюмени (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), сүрөтүн;
- Паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документтинин көчүрмөсү;
- Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
4.Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 15-июлунан 28-июлуна чейин (кошкондо) жүргүзүлөт, кечиктирбестен кадрлар бөлүмүнө, эл.почта plpchs@mail.ru тапшыруу керек.
Ош шаары, Муминова көчөсү 11, 1-кабат 4-кабинет ,7-13-52, 0773068180
Бишкек шаары, пр. Манас 101/1 Жумабекова көч. 203/1,4 -этаж, 404 кабинет
ЭСКЕРТҮҮ: Толук эмес же квалификациялык талаптарга жооп бербегендер конкурстук комиссиянын отурумунда каралбайт. Байланыш телефон номерлери жана электрондук почтанын дареги көрсөтүлүшү керек.