ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНИН КАДР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ

Кароолор (30)


Акыркы күн  17.11.2025
Квалификациялык талаптар  

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже мамлекеттик жарандык кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт. 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: 

- конкурска катышууга каалаган жарандар “у-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берилет жана электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет; 

- жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугу; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алуу макулдугу; 

- резюме (электрондук почта, байланыш номери, жеке идентификациялык номери жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен). 

Конкурс боюнча маалыматтар: 

- документтерди тапшыруу жери: КР ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын кадр бөлүмүнө; 

- документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 27-октябрынан 2025-жылдын 14- ноябрын камтуу менен; 

- документтерди тапшыруу дареги: Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүнүн №370. 

- маалымат алуу үчүн байланыш номерлери: 0700-050523, 0550-444147. 

- конкурс өткөрүү маалыматы www.mchs.gov.kg, www.mkk.gov.kg сайттарына жайгаштырылат. 

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптары.

ПРЕДМЕТТИК МЫЙЗАМДАРДЫ БИЛҮҮ:

 - Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому. КӨНҮМДӨРҮ:

- ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; 

- чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу; 

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү; - ишкердик этика ченемдерин жана ыкмаларын билүү. 

УЛУК ТОБУНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА БЕКИТИЛГЕН ТАЛАПТАР 1. Мамлекеттик жарандык кызмат орундун улук тобуна:

- иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 (бир) жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 (үч) жылдан кем эмес.

 - кесиптик билимдин деңгээли: жогорку билим, экономика жана башкаруу; бухгалтердик эсеп жана аудит багыттары боюнча.

 - билгичтиги: сметаны түзүү, каржы жана мерчемдөө отчетторун даярдоо жөндөмдүүлүгү; эсеп жана отчеттуулуктун туура эмес жүргүзүлүшүнүн алдын алуу боюнча иш-чараларын уюштурууну билүү; каржылоо ишмердүүлүгүн жана иш кагаздарды жүргүзүү эрежелерин алып барууну билүү; 

“1С-бухгалтерия” 

8.2 программасын билүү. 

- предметтик мыйзамдарды билүү: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” жарлыгы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомдору. 

2. Мамлекеттик жарандык кызмат орундун улук тобуна: 

- иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 (бир) жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 (үч) жылдан кем эмес. 

- кесиптик билимдин деңгээли: жогорку билим, техникалык же табият таануу илимдери; экономика жана башкаруу; архитектура жана курулуш; саламаттык сактоо; өзгөчө кырдаалдарда коргонуу; техносфералык же өрт коопсуздугу багыттары боюнча. 

- билгичтиги: Жарандар менен иштей билүү; жарандык коргонуу планын долбоорун иштеп чыгуу, сунуш берүү; жарандык коргонуу боюнча окутуулардын иш кагаздарын билүү; карталар менен иштей билүү жөндөмү; өзгөчө кырдаалдар учурунда иштөөгө физикалык чыдамкайлуулуугу; чоң көлөмдүү маалыматтар менен иштөө жана жогорку турган башчылардын тапшырмаларын сапаттуу аткаруу жөндөмдүүлүгү; курулуш эрежелери жана нормаларын билүү. 

- предметтик мыйзамдарды билүү: Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жарлыгы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссия жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, “Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартибин жана Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтомдору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, “Аймактарды топторго, уюмдарды 

- Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомдору. 

3. Мамлекеттик жарандык кызмат орундун улук тобуна:

- иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 (бир) жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 (үч) жылдан кем эмес. 

- кесиптик билимдин деңгээли: жогорку билим, техникалык илимдери; экономика жана башкаруу; информатика жана эсептөө техникасы; өзгөчө кырдаалдарда коргонуу; техносфералык же өрт коопсуздугу багыттары боюнча. 

- билгичтиги: элдин алдында сүйлөө; мамлекеттик башкаруу, адамдык ресурстарды башкаруу тармагындагы тажрыйбасы болушуна артыкчылык берилет; кадр менеджментин билүү; өзгөчө кырдаалдар учурунда иштөөгө физикалык чыдамкайлуулуугу; чоң көлөмдүү маалыматтар менен иштөө жана жогорку турган башчылардын тапшырмаларын сапаттуу аткаруу жөндөмдүүлүгү. 

- предметтик мыйзамдарды билүү: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын Президентинин “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыктары. 

КЕНЖЕ ТОБУНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА БЕКИТИЛГЕН ТАЛАПТАР 

1.Мамлекеттик жарандык кызмат орундун кенже тобуна: 

- иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажына талап коюлбайт. 

- кесиптик билимдин деңгээли: жогорку билим, техникалык же табият таануу илимдери; информатика жана эсептөө техникасы; архитектура жана курулуш; өзгөчө кырдаалдарда коргонуу; техносфералык же өрт коопсуздугу; физика жана математика багыттары боюнча. 

- билгичтиги: жарандык коргонуу планын долбоорун иштеп чыгуу, сунуш берүү; карталар менен иштей билүү жөндөмү; курулуш эрежелери жана нормаларын билүү; медицина жана химия боюнча түшүнүгү; иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин билүү. 

- предметтик мыйзамдарды билүү: Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө”, “Өрт коопсуздугу жөнүндө” мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө” токтомдору; Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жарлыгы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартибин жана Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтомдору. 

2. Мамлекеттик жарандык кызмат орундун кенже тобуна: 

- иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажына талап коюлбайт. 

- кесиптик билимдин деңгээли: жогорку билим, техникалык же табият таануу илимдери; архитектура жана курулуш; саламаттык сактоо; өзгөчө кырдаалдарда коргонуу; техносфералык же өрт коопсуздугу. 

- билгичтиги: жарандар менен иштей билүү жөндөмү; жарандык коргонуу планын долбоорун иштеп чыгуу, сунуш берүү; жарандык коргонуу боюнча окутуулардын иш кагаздарын билүү; карталар менен иштей билүү жөндөмү; өзгөчө кырдаалдар учурунда иштөөгө физикалык чыдамкайлуулуугу; чоң көлөмдүү маалыматтар менен иштөө жана жогорку турган башчылардын тапшырмаларын сапаттуу аткаруу жөндөмдүүлүгү; курулуш эрежелери жана нормаларын билүү. 

- предметтик мыйзамдарды билүү: Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жарлыгы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссия жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, “Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартибин жана Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтомдору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, “Аймактарды топторго, уюмдарды 

- Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомдору

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу