ӨКМ КОНТРАКТТЫК НЕГИЗДЕ АСКЕРДИК КЫЗМАТКА КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
08.09.2026
Кароолор (205)
Акыркы күн 30.09.2026
Квалификациялык талаптар
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы алыскы тоолуу аймакта жайгашкан оор шартта кызмат өтөөгө ылайыкташкан жаңы өрткө каршы-куткаруу бөлүгүндө контракттык негизде аскердик кызмат өтөөгө бош орундарга тандоо үчүн сынак жарыялайт.
Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат. Талапкерлер келишимдик негизде аскердик кызмат өтөөгө жана жетүүгө кыйын болгон тоолуу аймактын татаал шарттарында кызматтык милдеттерди аткарууга даяр болушу керек.
Талапкерлерге коюлуучу негизги талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жараны жана 18 жаштан жогору болушу;
- мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн;
- ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуу;
- дене тарбиялык даярдыгы жакшы;
- бою 170 смден жогору;
- офицердик курам үчүн — жогорку билимдин болушу;
- сержанттык жана прапорщик курам үчүн — орто кесиптик (атайын) же жогорку билимдин болушу.
«Өрт коопсуздугу», «Жарандык коргоо», «Командалык-тактикалык даярдык», «Медицина» багыттары боюнча билими жана тиешелүү көндүмдөрү бар талапкерлерге артыкчылык берилет.
Ошондой эле өрт коопсуздугу жана жарандык коргонуу боюнча сертификаттары, чет тилдерин билүүсү жана аны тастыктаган IELTS, TOEFL жана башка сертификаттары болушу шарт. Ошондой эле альпинизм, өрт-куткаруу колдонмо спорту жана лыжа спорту боюнча спорттук разряддарынын болушу жактырылат.
Талапкерлердин тартиптүүлүгүнө, стресстик кырдаалдарда иштей билүүсүнө жана өзгөчө кырдаалдарда тез чечим кабыл алуу жөндөмүнө өзгөчө көңүл бурулат.
Зарыл болгон документтер:
- өмүр баян (автобиография);
- билими тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;
- аскердик билеттин көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- паспорттун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
- талапкердин жана анын жакын туугандарынын соттолбогондугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы тарабынан берилген маалымкат.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү — 2026-жылдын 30-сентябрына чейин.
Маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот:
+996 (312) 32-34-92
+996 (709) 75-33-65
Электрондук почта: uk.mchs.kg@mail.ru