ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна конкурс жарыялайт

Кароолор (110)


Акыркы күн  24.04.2024
Квалификациялык талаптар  

КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти,Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна  конкурс жарыялайт:

 

I. Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобуна: ( 1-ед., Жалал-Абад ш.)

Кесиптик билимдин деңгээли:

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык илимдери: архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштуруу, геология, пайдалуу кен байлыктарды чалгындоо жана кайра иштетүү, техносфералык коопсуздук, гидрометеорология,  геофизика жана гидрогеология, табият таануу илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, информатика технологиялары.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

1)  Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

3)  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому;

Предметтик мыйзамдар:

- Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын;

       2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер  Кабинетинин  2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жөнүндө жоболорун.

3.2.Билгичтиги:

- ГИС технология, Adobe Photoshop, Corel Draw, Internet программалары боюнча билими;

- жабдуулар менен иштөө жөндөмдүүлүгү;

- компьютердик картографиялык иштерди жүргүзүү, топографиялык карта менен иштөө билими;

- демилгелүү, жоопкерчиликтүү,  командада иштөө жөндөмү болушу зарыл.

3.3. Көндүмдөрү:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди маалыматтарды түзүү, презентация кылуу;

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

-жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-паспорттун көчүрмөсү;

-эмгек китепчеси, нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- керектүү кесиптик   билимин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтеридин нотариус аркылуу же персоналдарды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Документтерди 2024-жылдын 24-апрелине чейин КР ӨКМге караштуу

ӨКМЖБ департаментине тапшыруу зарыл.

Бишкек  шаары: Манас пр. 101/1, Жумабек көч. 203/1, 2-этаж КР ӨКМге караштуу ӨКМЖБД байланыш телефону 0556 112804

Ош шаары: Муминова көчөсү -11, 212  кабинет,Байланыш телефону: 0558 789865

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу