ӨКМге караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт

Кароолор (223)


Акыркы күн  15.05.2024
Квалификациялык талаптар  

Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар  министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 “Мамлекеттик органдын  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын  жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн  улук жана кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт:

 

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

 

Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: юриспруденция.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: 

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;

- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин;

- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин;

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”“Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.

  1. 3.2. Билгичтиги: 

- юриспруденция тармагындагы билими, сотто жалпы жана атайын юрисдикциялардагы, бардык инстанциялардагы иштерди жүргүзүүнү билүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин билүүсү, аларды иш жүзүндө пайдаланууну билүү;

- жарандардын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылууну билүү;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун экспертиза жүргүзүүнү билүү;

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоону билүү;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуну билүү;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

3.3. Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды  иш жүзүндө колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-  башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-келишимдерди жана макулдашууларды түзүү боюнча иштөө көндүмдөрү.

 

1.2. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш анын ининен архитектура, курулуш, өндүрүштүк жарандык курулуш; электротехника жана электротехника анын ичинен жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, электроэнергетика жана электротехника, энергетика, гидротехникалык курулуш.

  1. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамдарын;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 
15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 5-апрелиндеги № 3-нпа буйругу менен бекитилген “Кыймылсыз мүлктөрдүн курулушу жана башка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүү жөнүндө”, 2018-жылдын 11-июнундагы № 13-нпа буйругу менен бекитилген “Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө” жоболорун, 2016-жылдын 27-майындагы № 5-нпа буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” эрежелер топтомун.

3.2. Билгичтиги: 

- курулушка жана оңдоо иштерине техникалык шарттарды жана уруксат алууну билүү; 

- Кыргызгидрометтин курулуштарын жана имараттарын оңдоо иштерин өткөрүүгө финансылык ресурстарды пландоого эсептерди даярдоону уюштурууну билүү; 

- иштелип чыккан долбоордук документацияны кабыл алууга катышуу, объекттердин курулушуна жана оңдоосуна түзүлгөн сметтик ченемдерди текшерүүнү билүү;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоону билүү;

- командада иштөө.

3.3. Көндүмдөрү: 

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү/

 

1.3. Кесиптик билимдин деңгээли:

  1. - жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика жана башкаруу, экономика, финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит, бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук, финансы жана кредит. 

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: 

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Бухгалтериялык эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндөжобону.

-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 
25-декабрынын № 137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчёттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун.

3.2. Билгичтиги:

- финансылык жана пландык отчётторду түзүүнү билүү;

- финансылык жана перспективдик пландаштыруу чөйрөсүн билүүсү;

- алдын ала 3 жылдык орто мөөнөттүү бюджеттин болжолун билүү;

- ишмердүүлүктүн негизги түрлөрү боюнча эмгектик, финансылык жумшоолордун нормативдерин жүргүзүүнү жана өркүндөтүүнү талдоону билүү;

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоону билүү;

- аналитикалык документтерди даярдоону билүү;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташууну билүү;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

3.3. Көндүмдөрү: 

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

 

  1. 1.4. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гуманитардык илимдери анын ичинен эл аралык мамилелер, чыгыш таануу, лингвистика, аймак таануу, европа таануу, кытай таануу, англис тили, юриспруденция; табият таануу илимдери анын ичинен жаратылышты колдонуу жана экология, гидрометеорология, техносфералык коопсуздук. Жогорудагы аталган адистиктер боюнча кошумча жана экинчи билими кубатталат.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү: 

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө", “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 
2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.

3.2. Билгичтиги: 

- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгууну билүү;

- түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүүнү билүү;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында көрө билүү;

- алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү билүү;

- англис тилинде иштиктүү кат алышууну билүү;

- өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;

- мекемелер аралык өз ара аракеттенүү;

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

3.3. Көндүмдөрү 

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу көндүмү;

- ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды иш жүзүндө колдоно билүү;

- презентация ыкмаларын билүү жана долбоорлорду иштеп чыгуу (инновациялык, инвестициялык);

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү.

 

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

 

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият тануу илимдери анын ичинен гидрометеорология, метеорология, гидрология, география, физика математика илимдери анын ичинен математика, колдонмо математика жана информатика, маалымат технологиялары, физика, фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар, информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар анын ичинен информатика жана эсептөө техникасы, информациялык система жана технологиялар, колдонмо информатика, программалык инженерия, интернет технологиялар жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, автоматташтыруу жана башкаруу, системалык талдоо жана башкаруу, техникалык системаны башкаруу, технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу, техникалык физика.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө», «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 “Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө” токтомун, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.

3.2. Билгичтиги:

- программалоо тилин билүү;

- атмосферанын физикасы жана динамикасы жөнүндө билими;

- сандык болжолдоолор ыкмасын билүү;

- географиялык маалыматты чогултууга, уюштурууга, башкарууга, башкарууга, анализдөогө, алмашууга жана жайылтууга мүмкүндүк берген системалар менен иштөө («QGIS», «ArcGIS», программалы менен же башка заманбап программалар менен иштөөнү билүү;

- математикалык статистика боюнча билими;

- ар түрдүү операциялык тутумдары менен («JC Linux») иштөөнү билүү;

- чоӊ маалыматтар менен иштөөнү билүү.

3.3. Көндүмдөрү:

- иштиктүү сүйлөшүү, көӊүл буруучулук, демилге көтөрүүчүлүк көндүмдөрү;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

-жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме (электрондук почта, ИИН көрсөтүү жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты  көрсөтүү менен), сүрөтүн;

-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2024-жылдын 23-апрелинен 15-майына чейин жарыя чыккан күндөн тартып төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Бишкек шаары, Керимбекова көч., 1, Кадрлар жана иш кагаздар бөлүмү 1-кабат, каб.101 тел.:0312 314699, 316290. Толук маалыматты КР ӨКМнин (www.mes.gov.kg), Гидрометеорологиялык кызматынын (www.meteo.kg) сайттарынан алса болот.

 

Толук маалыматты КР МКне караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин mkk.gov.kg жана КР ӨКМне караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын (www.meteo.kg) сайттарынан алса болот.

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу