Кантип куткаруучу болосуң?

Кароолор (786)


Акыркы күн  01.06.2024
Квалификациялык талаптар  

Кантип куткаруучу болосуң?

 

  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүктөрүнө кызматка кабыл алуу өздөрүнүн жеке, моралдык жана ишкердик сапаттарына, ден соолугунун абалына, негизги билим деңгээлине жараша ӨКМдин бөлүктөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга, ыктыярдуу түрдө жашы жеткен жарандар кабыл алынат. 

Катардагы жана башкаруучу (кенже, орто жана улук) кызмат орундарына, эреже катары, 30 жаштан ашпаган жарандар кабыл алынат. Бул кызматтарга 30 жаштан ашкан жарандар, эгерде алар кызмат өтөө жашынын чегине (48 жаш) жеткен күнгө чейин узак мөөнөттүү иштегендиги үчүн (20 жыл жана андан ашык кызмат стажы) пенсия алуу укугуна ээ боло турган болсо, кабыл алынышы мүмкүн.

Жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу үчүн аймактык (облустук, шаардык же райондук) өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнө кайрылуу керек. Жарандар өзү менен паспортун, аскердик билетин, эмгек китепчесин (эгер бар болсо), билими боюнча документтерди, акыркы иштеген (окуган) жеринен маалымкаттарды алып келүүсү зарыл.

Куткаруучуларга коюлган талаптар: командада иштөө жөндөмдүүлүгү, экстремалдык кырдаалдарда моралдык-психологиялык туруктуулук, оор кырдаалда тез чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгү, физикалык даярдыгы.

Кадр кызматтарынын жана жетекчилеринин байланыш телефондорун «Кыргыз Республикасынын аймактык башкармалыктарынын», «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кадрлар башкармалыгынын» веб-сайттарынан билүүгө болот.

Кызматка кабыл алуу чечими талапкердин аскердик-дарыгердик комиссиядан өткөндүгүнүн, анын жеке, моралдык жана ишкердик сапаттарын алдын ала изилдөөнүн, атайын текшерүүнүн маалыматтарынын жана бир катар башка жагдайлардын негизинде кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүктөрүнүн катардагы жана башкаруучу курамына акчалай үстөк акы алардын кызматтык абалына, кызматта болгон убактысына, квалификациясына, жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун өзгөчөлүктөрүнө жана кызмат өтөө шарттарына жараша дифференцияланат.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу