ӨКМдин ТОКОЙ КЫЗМАТЫ АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРГА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
15.01.2026
Кароолор (56)
Акыркы күн 23.01.2026
Квалификациялык талаптар
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарга конкурс жарыялайт:
Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына башкы топтору үчүн.
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) «Кызыкчылыктардын кагылуушусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтому.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн.
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
7.“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
1. Санариптештирүү багыты боюнча квалификациялык талаптар:
– административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
– токой ресурстарын көбөйтүү жана кайра иштетүү (токой чарбасы жана ландшафттык курулуш багыты боюнча), табигый илимдер (экология жана жаратылышты пайдалануу багыты боюнча), геодезия жана жерге жайгаштыруу (жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, геодезия жана аралыктан байкаштыруу багыттар боюнча), эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар (информатика, жана эсептөө техникасы, маалыматтык системалар жана технологиялар, колдонмо информатика, программалык инженерия, интернет технологиялар жана башкаруу багыттар боюнча) жаатындагы жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
– Кыргыз Республикасынын “Электрондук кол тамга жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо.
Билгичтиги:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмасын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– мамлекеттик жана расмий тилтерде ишкердик кат алышуу;
– антивирустук программаны пайдалануу;
– маалыматтык системаны жана маалыматты санариптештирүү аркылуу коргоо;
– командада иштөө.
Көндүмдөрү:
– тармактык жана сервердик жабдыктарды коюу жана орнотуу;
– маалыматтар базасын башкаруу системасын программалоо;
– компьютердик жана ортехника, программалык продуктылар менен иштөөнү билүү;
– маалыматты системаны жана маалыматты санариптештирүү аркылуу коргоо.
2.Токой чарбасы багыты боюнча квалификациялык талаптар:
– административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
– токой ресурстарын көбөйтүү жана кайра иштетүү (токой чарбасы жана ландшафттык курулуш багыты боюнча), табигый илимдер (экология жана жаратылышты пайдалануу, биология жана биоэкология багыттар боюнча), геодезия жана жерге жайгаштыруу (жерге жайгаштыруу жана кадастрлар багыты боюнча), экономика жана башкаруу (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча) жаатындагы жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта иш стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
– “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 27-майындагы № 231 “2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүү Концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомдору, 2019-жылдын 10-февралындагы № 97 “Кыргыз Республикасынын токойлорунда жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежелерин, токой породаларынын өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн таксаларын жана Кыргыз Республикасынын токой каптаган аянтын баалоо үчүн ченемдерди бекитүү жөнүндө” токтомдору;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо.
Билгичтиги:
– токой чарбаларынын өндүрүштүк отчетторун жана маалыматтарды жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу.
Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– токой чарба иш-чаралары боюнча токой чарбаларынын иштеринин планын түзүү;
– токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү, жашылдандыруу, эрозияга каршы көчөттөрдү отургузуу, көчөт материалдарын өстүрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу.
3.Токойду коргоо, сактоо багыты боюнча:
– административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
– токой ресурстарын көбөйтүү жана кайра иштетүү (токой чарбасы жана ландшафттык курулуш багыты боюнча), табигый илимдер (экология жана жаратылышты пайдалануу, биология жана биоэкология багыттар боюнча), гуманитардык илимдер (юриспруденция багыты боюнча), техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология (техносфералык коопсуздук багыты боюнча) жаатындагы жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта иш стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
– “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 417 “Конфискацияланган жаңгак уюлдарын, тамырларын жана жаңгак жыгачтарын эсепке алуунун, сактоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2013-жылдын 3-майындагы № 224 “Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, мумия камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн таксаларды бекитүү жөнүндө”, 2023-жылдын 21-январындагы № 25 “Жерлердин бузулушу үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн Тартибин бекитүү жөнүндө” токтомдору;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы жөнүндө жобо.
Билгичтиги:
– токой чарбаларынын өндүрүштүк отчетторун жана маалыматтарды жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу.
Көндүмдөрү:
– токойду коргоо жана сактоо жаатында иштелип чыгуучу мамлекеттик программаларга карата ченемдик укуктук актылардын, стандарттардын, нормативдердин долбоорлорун, сунуштарды иштеп чыгуу;
– жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандык үчүн материалдык, кылмыш жана башка жоопкерчиликтердин ченемдерин.
4. Финансы-экономикалык багыты боюнча квалификациялык талаптар:
– административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн (каржы жана бухгалтердик эсеп боюнча) :
Кесиптик билим деңгээли:
– экономика жана башкаруу жаатында экономика, менеджмент багыттар (финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит, салыктар жана салык салуу) боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
– “Тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1-Б буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу.
Билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– командада иштөө.
Көндүмдөрү:
– бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү жана отчеттуулукту түзүү;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– бюджеттик бухгалтериянын 1С программасы менен иштөө;
– талдоо, бюджет түзүү жана пландаштыруу;
– Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн (мамлекеттик сатып алуулар боюнча):
Кесиптик билим деңгээли:
– экономика жана башкаруу жаатында экономика багыты (финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит, салыктар жана салык салуу) боюнча жана социалдык илимдер жаатындагы жогорку билим;
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик сатып алуулар боюнча ырастоочу сертификаттын болушу зарыл
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 243 “Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489 “Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомдорун;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо.
Билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– секторду башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– командада иштөө.
Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында иштөө;
– талдоо, бюджет түзүү жана пландаштыруу.
5. Эл аралык кызматташуу багыты боюнча квалификациялык талаптар:
– Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык илимдер (лингвистика, эл аралык мамилелер багыты боюнча), экономика жана башкаруу (экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттар боюнча), табигый илимдер (экология жана жаратылышты пайдалануу багыты боюнча) жаатындагы жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
– Кыргыз Республикасынын Токой Кодекси;
– “Эл аралык келишимдер жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары.
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобосу;
– Эл аралык жаратылышты коргоо конвенцияларынын, Кыргыз Республикасынын токой чарбасы жаатындагы стратегиясынын жалпы саясатынын (экологиялык коопсуздук концепциясы, токой тармагын өнүктүрүү Концепциясы, туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы ж. б.) ишмердүүлүгү.
Билгичтиги:
– иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– башкаруу чечимдерин оперативдүү кабыл алууга жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартууга;
– талапдардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү жана аларды жөнгө салуу;
– коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
– өзүнүн жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
Көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.
Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу:
– электрондук форматта өтүнмө берет;
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт;
– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү көрсөтүлгөн документтер (сканерленген) тиркелет:
– паспорттун көчүрмөсү;
– кадрлык өздүк баракчасы
– өмүр баяны, резюме (уюлдук телефонун, электрондук почтасын жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтер (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү акыркы иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Документтерди тапшыруу 2026-жылдын 12-январынан 23-январына чейин (кошкондо) жүргүзүлөт. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлерге Конкурска катышууга жол берилбейт.
Биздин дарек: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265 “а”, 1-кабат 108- кабинет; моб.телефону: 0220618127 (9:00дан-18:00чейин).