ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын улук тобуна конкурс жарыяланат
06.11.2025
Кароолор (150)
Акыркы күн 18.11.2025
Квалификациялык талаптар
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматтын административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын улук тобуна конкурс жарыялайт:
Улук топтогу административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына: (Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгы, Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча бөлүмү, Баткен облусу боюнча бөлүмү, Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмү).
Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: өрт коопсуздугу, өрткө каршы техника жана коопсуздук, өнөр-жай жана жарандык курулуш, шаардык курулуш жана чарба, гидротехникалык курулуш; жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, электр менен камсыздоо, телекоммуникация, техносфералык коопсуздук (өрт коопсуздугу, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жаатында), автоматташтыруу жана башкаруу; юриспруденция.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Предметтик мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары:
- “Өрт коопсуздугу жөнүндө”;
- “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;
- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин токтомдору:
- 2025-жылдын 13-майындагы № 251 “Кыргыз Республикасындагы өрт коопсуздугунун эрежелери”;
- 2025-жылдын 13-майындагы № 251 “Өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен корголууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө”;
- 2025-жылдын 9-августу № 484 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
- 2007-жылдын 24-августундагы № 368 “Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө”;
- 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө”;
- 2018-жылдын 29-январындагы № 56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө” жобону.
Билгичтиги:
- ишмердиктин приоритеттүү багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
- түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон аракеттерди бириктирүү, талдоо жүргүзүү, божомолдоо, жалпылоо, мониторингдөө жана контролдоо;
- башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана анын кесепеттерине жоопкерчиликтүү болуу;
- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү;
- коюлган милдеттерди чечүү үчүн новаторлук кадамдарды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
- өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
- өрт коопсуздугу жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы боюнча ишкердик субъекттерине мамлекеттик көзөмөлдү (текшерүү) жана контролду жүргүзүү;
- ведомство аралык өз ара кызматташуу.
Көндүмдөрү:
- ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
- ишти пландоо жана кызматтык иш убактысын туура бөлүштүрүү;
- башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу.
Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу:
- электрондук форматта өтүнмө берет;
- Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт;
- мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү көрсөтүлгөн документтер (сканерленген) тиркелет:
- паспорттун көчүрмөсү;
- кадрлык өздүк баракчасы
- өмүр баяны, резюме (уюлдук телефонун, электрондук почтасын жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтер (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Документтерди тапшыруу 2025-жылдын 18-ноябрына чейин (кошкондо) жүргүзүлөт.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлерге Конкурска катышууга жол берилбейт.
Биздин дарегибиз: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы, Бишкек шаары, Манас пр., 101/1, Жумабек көч., 203/1, 3-кабат, 315-кабинет, телефон: 0556 112 936 (9:00дан-17:00чейин).