ӨКМдин БАТКЕН ОБЛУСУ БОЮНЧА БАШКАРМАЛЫГЫ АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
03.04.2026
Кароолор (22)
Акыркы күн 13.04.2026
Квалификациялык талаптар
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы УП №43 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топторуна конкурс жарыялайт:
I. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, техносфердик коопсуздук, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият илимдери, гуманитардык илимдери, педагогикалык билим, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, маалыматтык коопсуздук, тоо-кен илимдери, айыл чарба, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, электроника, радиотехника жана байланыш, техника илимдери, техносфералык жана өрт коопсуздугу, жаратылыш жана гидрометеорология, аскердик билими;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”,
– “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 токтому;
– “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 219 токтому;
– “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 токтому;
– “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 16 токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январы № 21 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому.
3.2. Билгичтиги:
- жарандар менен иштей билүү жөндөмү;
- жарандык коргонуу боюнча машыгуулардын материалдарын өз алдынча иштеп чыгуу;
- жарандык коргонуу боюнча буйрук, чечим, токтом, сунуштардын долбоорун даярдоо;
- жарандык коргонуу боюнча машыгуулардын материалдарын анализдөө жана жалпылоо;
- карталар менен иштей билүү жөндөмү.
3.3. Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
- жеке арызын,
- кадрларды каттоо баракчасын,
- өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен),
- резюмени (электродук даректи көрсөтүү менен), сүрөтүн;
- паспорттун көчүрмөсүн;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
- илимий даража же илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү.
Документтерди 2026-жылдын 13-апрелине чейин Кадр бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары, Н.Исанова 5, (Кадр бөлүмү), Байланыш телефондор: 0778 212131, 0770 224239