ӨКМ УЛУК ТОПТОГУ АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
15.04.2026
Кароолор (514)
Акыркы күн 26.04.2026
Квалификациялык талаптар
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук топтогу административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына сынак жарыяланат.
КР ӨКМне караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти Ош шаары, Моминова көчөсү, 11.
1. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна: (кызмат орду Бишкек ш.)
Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим, табият таануу илимдери, архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштыруу, өзгөчө кырдаалдарда коргоо,чалгындоо жана кендерди иштетүү, техносфералык коопсуздук, экономика жана башкаруу, юриспруденция.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик кызмат же/жана муниципиалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Негизги мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 – мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
- “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2024-жылдын 22-февралындагы № 77 “Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартибин жана Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө”, токтомдорун, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти жөнүндө жобоcун билүү;
- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Билгичтиги:
- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
- алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жана ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
- өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
-тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
-жумушту жана иш убактыны мерчемдөө.
1.2 Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна: (кызмат орду Бишкек ш.)
Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим, гидрогеология жана инженердик геология, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, өзгөчө кырдаалдарда коргоо, техносфералык коопсуздук, экономика, юристпруденция.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик кызмат же/жана муниципиалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Негизги мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 – мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
- “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2024-жылдын 22-февралындагы № 77 “Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартибин жана Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө”, токтомдорун, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти жөнүндө жобоcун билүү;
- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Билгичтиги:
- алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
- өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
-тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
-жумушту жана иш убактыны мерчемдөө.
2. Конкурска катышууну каалаган адамдар 2026-жылдын 26-апрелине чейин “Е-кызмат” мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу:
- электрондук форматта өтүнмө беришет;
- Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чойрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүугө макулдугун тастыктайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кабыл алууну тастыктайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтер (сканерленген документтер) тиркелет:
– өзүнүн арызы;
– резюме;
– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.
3. Документтердин түп нускамалары талапкер тарабынан “Е–кызмат” мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт.
Байланыш телефон: Кадр жана иш кагаздары боюнча башкы адиси К.Таалайбек кызы (0551) 112200.