ӨКМ улук топтогу административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордуна сынак жарыялайт
07.04.2026
Кароолор (54)
Акыркы күн 21.04.2026
Квалификациялык талаптар
КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негиздеринде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук топтогу административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:
1.1.Мамлекеттик жарандык кызмат ордунун улук тобуна:
Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу илимдери, гуманитардык жана социалдык илимдери, педагогикалык билим берүү, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, энергетика жана электроника, транспорттук техника жана технология, электроника, радиотехника жана байланыш, автоматташтыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, архитектура жана курулуш, техносфералык жана өрт коопсуздугу, жаратылыш жана гидрометеорология, аскердик билими.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” Жарлыгы;
- Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды билүү.
Предметтик мыйзамдар:
- «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489 “Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобосу;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 31-декабрындагы №150-П “Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” буйругун.
Билгичтиги:
- курулуштагы экономикалык суроолорду билүү, калькуляция, сметаларды жана сметалык-каржы эсептерин жүргүзүүнү билүү;
- аналитикалык жөндөмдүүлүгү, аналитикалык иш-кагаздарын даярдоо, презентация жасоо жөндөмдүүлүгүнүн болушу;
- сатып алуулар боюнча тендердик иш-кагаздарды жана башка иш-кагаздарды даярдоо жөндөмдүүлүгү;
- компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүүсү.
Көндүмдөрү:
- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.
- Конкурска катышууну каалаган жарандар 2026-жылдын 21-апрелине чейин “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу:
- электрондук форматта өтүнмө беришет;
- Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыктайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кабыл алууну тастыктайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтер (сканерленген документтер) тиркелет:
- жеке арызы;
- резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен;
– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтери;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтери.
Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан "e-Kyzmat" мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт.
Кошумча маалыматтарды КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын фейсбук баракчасынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттигинин сайттынан (www.mes.gov.kg) , ошондой эле 0554112866 телефон номери аркылуу алууга болот.