ӨКМ министрликтин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына конкурс жарыялайт

Кароолор (11)


Акыркы күн  16.02.2026
Квалификациялык талаптар  

Жарандык  административдик кызмат орундарынын улук тобуна (Талас ш.) – 2 бирдик:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  7. Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамы.

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй  квалификациялык талаптар белгиленет:           

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы жалпысынан бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: 

- Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоону жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Суу жөнүндө” Мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана алрды баалоонун критерийлердин бекитүү жөнүндө” токтомунун;

- Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" кызматы жөнүндөгү жобосу”; 

Гидротехникалык курулуштар. Негизги жоболор. ЭКН 33-01-12; Гидротехникалык курулуштар. Долбоорлорун негизги жоболору (ЭКН 3.04-01-2005, КНжЭ 2.06.01-86); Суу каптоодон инженердик коргоону КНжЭ 2.06.15-85; Гидротехника. Негизгиитүшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73; Селден коргоочу курулмалардын эксплуатациялоо эрежелери. Негизги жоболоруу ЧД 33-3.2.05-88; Кыргызстандын тоолу дарыяларынын шартында жээк коргоочу тосмолорду долбоорло боюнча сунуштар.

3.2. Билгичтиги:

- толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер);

- объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү;

- технологиянын негиздери жана курулуш иштерин түрлөрүн билүү;

- Толук оңдоолуучу объекттерге керектөөчү каржаттын эсептеп чыгаруу;

- техникалык эксплуатациянын эрежелерин коргоо жана калыбына келтирүү жумуштарынын түзүлүшүн, техникалык тейлөөнү;

- аналитикалык иш - кагаздарды түзүү;

- презентация жасоого жөндөмдүү

     

3.3.Көндүмдөрү: 

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

- геодезиялык инстурменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү

- мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата;

- мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата.

 

  1.   Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу:
  • форма боюнча жеке арызы;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен);
  • резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен);
  • өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтери;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү иш орду боюнча күбөлөндүрүлгөн;
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтери.
  • дипломдун көчүрмөсү;
  •  паспорттун көчүрмөсү.

Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2026-жылдын 3-февралынан 16-февралына чейин кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек.

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу