ӨКМ кадрлар резервине киргизүү үчүн улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына конкурс жарыялайт
18.07.2025
Кароолор (50)

Акыркы күн 31.07.2025
Квалификациялык талаптар
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук топтогу административдик мамлекеттик кызматынын орундарына конкурс жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервинин иштеши» Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик кызматынын орундарына кабыл алуу үчүн конурс жарыялайт.
I. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунга:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: физика–математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу илимдери, гуманитардык жана социалдык илимдери, педагогикалык билим берүү, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, транспорттук техника жана технология, маалыматтык коопсуздук, тоо–кен илимдери, айыл чарба, технология жана тамак аш өндүрүү геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, электроника, радиотехника жана байланыш, техника илимдери, техносфералык жана өрт коопсуздугу, жаратылыш жана гидрометеорология, аскердик билими, техникалык илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Негизги мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасынын “Мыйзамы Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Электрондук башкаруу жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020–жылдын 3–мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Предметтик мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 17-январындагы №21 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019–жылдын 6–майындагы №213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019–жылдын 28–январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019–жылдын 23–октябрындагы №569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019–жылдын 19–февралындагы №58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024–жылдын 22–февралындагы №77 “Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартибин жана Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш–чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021–жылдын 15–ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобосу.
3.2. Билгичтиги:
– документтердин, маалыматтардын, сурамдарга жооптордун сапаттуу даярдоого жөндөмү;
– командада иштей билүүгө жөндөмү;
– кызматтык алака, көңүл бөлүүгө, демилге көтөрө билүүгө жөндөмү;
– ири көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүүгө жөндөмү.
3.3. Көндүмдөрү:
–ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
–компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу
же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясы жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Документтерди 2025-жылдын 21-июнулан тартып 2025-жылдын 1-августуна чейин Кадр жана тарбия иштери бөлүмүнө (Бишкек ш. Кулатов көчөсү 11) тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Кулатов көчөсү 11, каб. 14 (Кадрлар бөлүмүнө), тел.: (312) 59-03-46.