ӨКМ КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТЫН УЛУК АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Кароолор (25)


Акыркы күн  12.06.2026
Квалификациялык талаптар  

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрликтин кадрлар резервине киргизүү үчүн мамлекеттик кызматтын улук административдик кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт:

  1. Жарандык  административдик кызмат орундарынын улук тобуна (Талас ш.) – 1 бирдик:
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  3. Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  4. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй  квалификациялык талаптар белгиленет:           

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы жалпысынан бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: 

- Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоону жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-январындагы № 21 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана алрды баалоонун критерийлердин бекитүү жөнүндө” токтомунун;

- Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" кызматы жөнүндөгү жобосу”; 

3.2. Билгичтиги:

- толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер);

- объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү;

- технологиянын негиздери жана курулуш иштерин түрлөрүн билүү;

- Толук оңдоолуучу объекттерге керектөөчү каржаттын эсептеп чыгаруу;

- техникалык эксплуатациянын эрежелерин коргоо жана калыбына келтирүү жумуштарынын түзүлүшүн, техникалык тейлөөнү;

- аналитикалык иш - кагаздарды түзүү;

- презентация жасоого жөндөмдүү

3.3.Көндүмдөрү: 

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

- геодезиялык инстурменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү

- мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата;

- мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата.

 

II.  Улук топтогу административдик кызмат орундарын ээлөө үчүн сынакка катышууну каалаган талпакерлер өтүнмөнү электрондук форматта мамлекеттик “е-КЫЗМАТ” порталындагы жеке кабинети аркылуу же кагаз түрүндө атайын папкада (скоросшивателде) көктөлгөн төмөнкү документтерди берүү менен катыша алышат:

  • форма боюнча жеке арызы;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен);
  • резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен);
  • өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтери;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү иш орду боюнча күбөлөндүрүлгөн;
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтери.
  • дипломдун көчүрмөсү;
  •  паспорттун көчүрмөсү.

Ачык конкурска катышуу үчүн документтери, байланышуу маалыматтары (телефон номери, электрондук дареги) туура жана так берилген талапкерлер чакырылат.

Документтерин толук тапшырбаган же коюлган талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынакка катыша алышпайт.

Документтер (атайын тиркелген папкада) иш күндөрү саат 09:00дон 17:00го чейин, 2026-жылдын 2-июнунан тартып 12-июнга (кошо) чейин кабыл алынат. Дареги: Ош шаары, Моминова көчөсү 11, тел.: 0558112400 же Талас шаары, Ч. Айтматов көчөсү, 370, тел. : 0559112380

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу