ӨКМ КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН УЛУК ТОБУНА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ.

Кароолор (15)


Акыркы күн  10.02.2026
Квалификациялык талаптар  

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызматы ӨКМдин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна конкурс жарыялайт.

Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштыруу  кесиптери;

Инжинирингдик тейлөө же курулуш-монтаждоо  кызматы боюнча кесиптик иш-аракетин аткаруу үчүн укук берилген мамлекеттик сертификатынын болуусу.

 

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

 

 Жалпы мыйзамдар:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3.”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6.”Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

-Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдары;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы №21 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген  “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобосу, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат жөнүндө  жобосу.

 

Билгичтиги:

-сметалык документтер менен иштей билүү (каталогтор, ценниктер, СНиП ж.б.);

-жумуштун натыйжалуулугун өркүндөтүү боюнча демилге көтөрө билүү;  

-башкаруучулук чечимдерди тез арада иш жүзүнө ашыра билүү;

-атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларын болжолдоого катышуу, календарлык графикти түзүү, тиешелүү отчеттуулукту алып баруу жана анализ жүргүзүү;

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо.

 

Көндүмдөрү:

-курулуш иштери боюнча сметаларды түзүүнүн жоболорун билүү;

-курулуш иштеринин сметасы боюнча аткарылган көлөмдөрүн жана аткарылган  атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларын көлөмдөрүн эсептөөнүн техникаларын билүү;

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

 

            Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу:

– форма боюнча жеке арызы;
– кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен);
– резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен);
– өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтери;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү иш орду боюнча күбөлөндүрүлгөн;
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтери;

– паспорттун көчүрмөсү.

Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2026-жылдын 29-январынан 10-февралына (кошо эсептөө менен)  чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Ош шаары, Г.Айтиев к.,10,тел.0552 112912.

Толук маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (www.mchs.gov.kg) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (www.mkk.gov.kg) сайттарынан  алса болот.

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу