ӨКМ КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Кароолор (25)


Акыркы күн  03.11.2025
Квалификациялык талаптар  

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыяланат:

  1. Жарандык  административдик кызмат орундарынын улук тобуна (Талас ш.) – 2 бирдик:
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  3. Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  8. Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамы.

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй  квалификациялык талаптар белгиленет:           

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы жалпысынан бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: 

- Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоону жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Суу жөнүндө” Мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана алрды баалоонун критерийлердин бекитүү жөнүндө” токтомунун;

- Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" кызматы жөнүндөгү жобосу”; 

Гидротехникалык курулуштар. Негизги жоболор. ЭКН 33-01-12; 

Гидротехникалык курулуштар. Долбоорлорун негизги жоболору (ЭКН 3.04-01-2005, КНжЭ 2.06.01-86); 

Суу каптоодон инженердик коргоону КНжЭ 2.06.15-85; 

Гидротехника. Негизги түшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73; 

Селден коргоочу курулмалардын эксплуатациялоо эрежелери. Негизги жоболоруу ЧД 33-3.2.05-88;

Кыргызстандын тоолуу дарыяларынын шартында жээк коргоочу тосмолорду долбоорло боюнча сунуштар.

3.2. Билгичтиги:

- толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер);

- объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү;

- технологиянын негиздери жана курулуш иштерин түрлөрүн билүү;

- толук оңдоолуучу объекттерге керектөөчү каржаттын эсептеп чыгаруу;

- техникалык эксплуатациянын эрежелерин коргоо жана калыбына келтирүү жумуштарынын түзүлүшүн, техникалык тейлөөнү;

- аналитикалык иш кагаздарды түзүү;

- презентация жасоого жөндөмдүү

     

3.3.Көндүмдөрү: 

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

- геодезиялык инстурменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү

- мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата;

- мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата.

 

  1. Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
  2. Сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызды “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта же төмөнкү документтерди көктөмөгө тиркеп, кагаз түрүндө тапшырса болот;
  3. Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын, резюмени (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), сүрөтүн;
  4. Паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документтинин көчүрмөсү;
  5. Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматты тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтерди 2025-жылдын  3-ноябрга чейин кечиктирбестен кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек. Ош шаары, Моминова көчөсү, 11. 1-кабат, 13-кабинет. моб.телефону: 0555112695.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу