ӨКМ АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
06.03.2026
Кароолор (11)
Акыркы күн 20.03.2026
Квалификациялык талаптар
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026–жылдын 13–февралындагы № 43 “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгы негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын башкы топторуна конкурс жарыялайт:
1. Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы тобуна:
Кесиптик билим деңгээли:
– токой чарбасы, табият таануу илимдер жаатындагы экология жана жаратылышты пайдалануу багыты боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматстажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
–“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
–“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
–“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын 2020–жылдын 3–мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик тилди билүүсү, кызматтык милдеттерин аткарууда аны колдонуусу, ошондой эле расмий тилди билүүсү;
– Мыйзамдарга каралган учурларды кызматчынын ишин жүзүгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү санариптик сабаттуулуктун болушуна.
Предметтик мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
– “Айлана–чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018–жылдын 10–апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013–жылдын 3–майындагы № 224 “Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн объекттерине, мумия камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн таксаларды бекитүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023–жылдын 21–январындагы № 25 “Жерлердин бузулушу үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019–жылдын 27–майындагы № 231 “2040–жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүү Концепциясын бекитүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015–жылдын 13–октябрындагы № 706 “Токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024–жылдын
4–мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы жөнүндө Жобосу.
Билгичтиги:
– ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
– тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;
– оор кырдаалдарда чечимдерди кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишине объективдүү баа берүү;
– кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.
Көндүмдөрү:
– токой чарбасын жүргүзүү, токой–аңчылык жайгаштыруу, токой ресурстарын коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу жаатында иштелип чыгуучу мамлекеттик программаларга ченемдик укукту актылардын, стандарттардын, нормативдердин долбоорун, сунуштарды иштеп чыгуу;
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– башкаруу иши (пландаштыруу, уюштуруу, координациялоо, шыктандыруу жана контролдоо);
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу жана алардын стратегиялык чечимдерди аткаруу сапаты үчүн жоопкерчилик тартуу, мониторинг жүргүзүү, кабыл алынган чечимдердин натыйжаларын талдоону жана болжолдоону контролдоо;
– эл алдында чыгып сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– ишкер байланыштын ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү.
2. Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы тобуна:
Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери анын ичинен гидрометеорология, метеорология, гидрология, география, жаратылышты колдонуу жана экология, физика–математика илимдери анын ичинен физика, математика.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын 2020–жылдын 3–мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик тилди билүүсү, кызматтык милдеттерин аткарууда аны колдонуусу, ошондой эле расмий тилди билүүсү;
– Мыйзамдарга каралган учурларды кызматчынын ишин жүзүгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү санариптик сабаттуулуктун болушуна.
Предметтик мыйзамдар:
– “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013–жылдын 7–майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021–жылдын 15–ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
Билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгууну билүү;
– түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн көйгөйлүү талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүүнү билүү;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында көрө билүү;
– алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөнүү;
– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
– мекемелер аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр–чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
Көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды иш жүзүндө колдоно билүү;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү.
Конкурска катышууну каалаган адамдар 2026–жылдын 20–мартына чейин
“Е–кызмат” мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу:
– электрондук форматта өтүнмө беришет;
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чойрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыктайт;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кабыл алууну тастыктайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтер (сканерленген документтер) тиркелет:
– өзүнүн арызы;
– резюме;
– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.
Документтердин түп нускаларыталапкер тарабынан “Е–кызмат” мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт.