МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕ — «АСЫЛ-ТАШ» ЭС АЛУУ БАЗАСЫ (КР ӨКМ) ВАКАНСИЯЛАРГА ЖАРЫЯ!
15.09.2025
Кароолор (23)

Акыркы күн 20.09.2025
Квалификациялык талаптар
Ысык-Көлдүн кооз жээгинде жайгашкан «Асыл-Таш» эс алуу базасы – заманбап, тынымсыз өнүгүп жаткан рекреациялык борбор. Биздин миссия – ӨКМ кызматкерлерине, туристтерге, спорттук командаларга жана иш-чараларга катышуучуларга жаратылыш койнунда жогорку деңгээлдеги эс алуу жана кызмат көрсөтүү.
Базабыз учурда кеңейүүдө жана туруктуу иштөө үчүн кесибин сүйгөн адистерди командабызга чакырабыз:
1. АГРОНОМ
Милдеттери:
- Базаны жашылдандыруу, көрктөндүрүү (газон, гүлзар, аллея, дендрарий түзүү);
- Ландшафттык дизайн долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Ашкана үчүн сезондук айыл чарба продукциясын өстүрүү;
- Аймактык климатка ылайыктуу өсүмдүктөрдү тандоо, сугаруу жана коргоо системаларын уюштуруу.
- Агротехникалык документацияны жүргүзүү.
Талаптар:
- Жогорку агрономиялык билим;
- Иш тажрыйбасы. Ландшафттык дизайн боюнча билими артыкчылык;
- Ишмер, жоопкерчиликтүү жана эмгекчил болуу.
- Документтер: диплом, эмгек китепчеси, паспорт, 3x4 сүрөт.
2. ФИЗИОТЕРАПИЯ БОЮНЧА МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРИ
Милдеттери:
- Дарыгердин көрсөтмөсү менен физиотерапиялык процедураларды жүргүзүү;
- Аппараттарды туура пайдалануу жана тейлөө;
- Пациенттердин абалын көзөмөлдөө, санитардык эрежелерди сактоо;
- Медициналык документацияны жүргүзүү.
Талаптар:
- Орто медициналык билим («Физиотерапия» адистиги);
- Иш тажрыйбасы, аракеттеги сертификат;
- Тактык, камкордук, көңүл буруу;
- Документтер: диплом, сертификат, эмгек китепчеси, медкитепче, паспорт, 3x4 сүрөт.
3. КОНОК ҮЙҮ БОЮНЧА МЕНЕДЖЕР
Милдеттери:
- Конокторду кабыл алуу, жайгаштыруу жана узатуу;
- База кызматтары боюнча кеңеш берүү, экскурсиялар жана трансферди уюштуруу;
- Уюмдар жана жеке кардарлар менен брондоо иштерин жүргүзүү;
- Коноктордун суроолорун чечүү жана кызмат сапатын камсыз кылуу;
- Башка кызматтар менен тыгыз кызматташуу.
Талаптар:
- Туризм, сервис же мейманкана багытындагы билим;
- Мейманкана тармагында тажрыйба;
- Коммуникабелдүүлүк, стресс туруктуулук, тейлөө маданияты;
- Компьютерди билүү, англис тили – артыкчылык;
- Документтер: диплом, эмгек китепчеси, сунуш каттар, паспорт, 3x4 сүрөт.
4. ПОВАР-ТЕХНОЛОГ (ШЕФ-ПОВАР)
Милдеттери:
- Ар түрдүү менюларды түзүү (негизги тамак-аш, банкет, спорттук топтор, диеталык);
- Тамак-аш технологияларын, чыгымдуулугун жана сапатын көзөмөлдөө;
- Ашкананын ишин уюштуруу, массалык иш-чараларда жүктөмдү пландоо;
- СанПиН жана коопсуздук эрежелерин так сактоо;
- Эсептик документацияны жүргүзүү.
Талаптар:
- «Коомдук тамак-аш технологиясы» адистиги боюнча билим;
- Ушуга окшош кызматта иш тажрыйбасы;
- Заманбап кулинарияны билүү, диеталык меню түзүү тажрыйбасы;
- Уюштуруучулук жана лидерлик сапаттар;
- Документтер: диплом, санитардык китепче, эмгек китепчеси, паспорт, 3x4 сүрөт.
Биз сунуштайбыз:
- Эмгек кодексине ылайык расмий жумушка орношуу;
- Туруктуу, жыл бою иш жана атаандаштыкка жөндөмдүү айлык маяна;
- Ысык-Көл жээгиндеги заманбап борбордо иштөө;
- Кесиптик өсүү мүмкүнчүлүгү;
- Кызматтык жатакана жана тамак-аш;
- Достук коллектив жана корпоративдик маданият.
Документтерди 2025-жылдын 20-сентябрына чейин төмөнкү дарекке жөнөтүү зарыл:
temirmalik389@gmail.com
(Темага: «Вакансия: [должность]» деп жазуу милдеттүү)
Байланыш: +996 705 320 658, +996 550 021 125 (Хасанов Темирмалик Собиржонович)
Маектешүү дареги: Бишкек ш., Манас көч., 101 (ӨКМ КР)
Базанын дареги: Ысык-Көл обл., Бостери айылы, Мамытов көч., 4Б/3
Биз Сизди командабызга кошулууга чакырабыз!