Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурс жарыялайт

Кароолор (230)


Акыркы күн  20.05.2024
Квалификациялык талаптар  

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын

 2-февралындагы ПЖ № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурс жарыялайт:

 

  1.  Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна:  (Конкурс республиканын бардык облустарындагы кызмат орундарына)

1) Кесиптик билимдин деңгээли: 

-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика, бухгалтердик эсеп жана анализ, аудит, финансист;

“1С бухгалтерия” программасы боюнча сертификатынын болуусу.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1) Төмөнкүлөрдү билүү: 

Жалпы мыйзамдар: 

-Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

 - Кыргыз Республикасынын“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;

-“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын; 

-Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын;

-Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтомун.

Предметтик мыйзамдар: 

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин;

- Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 7-сентябрындагы № 267 “Аскер кызматчыларына, жумуштан кеткен аскердик кызматчыларга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кепилдиктери жөнүндө” Жарлыгын;

 -Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы шарттары жөнүндө” Жарлыгын;

 - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 “Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомун;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобосун; 

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун.

3.2) Билгичтиги:

- материалдык-жооптуу адамдардын товардык-материалдык баалуулуктарды жокко чыгаруу боюнча актылары, материалдык отчёттору менен иштөө тажрыйбасы болушу;

- кызматтарды жана материалдарды камсыздоочу менен эсептешүүлөрдү тактоону, камсыздоочуларды дебитордук карызды жабууну талап кылууну, кызматтарды жана товарларды, материалдарды камсыздоочу менен түзүлгөн келишимдин аткарылышына көзөмөл  жүргүзүү;

- бюджеттик конфигурациясындагы “1-С бухгалтерия” программасын жетишээрлик деңгээлде билүү;

- материалдык баалуулуктарды алуу үчүн ишеним каттарды берүү жана каттоо журналын жүргүзүү;

- статистикалык отчеттуулукту даярдоону жана тапшыруу;

- аванстык суммалар боюнча отчётторду талдоо;

- (Microsoft Word, Excel, Power Point, Outlook, Internet, 1C бухгалтерия 8,2 версиясындагы ж.б.) компьютердик программалары менен иштөө;

- жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү, командада иштөө жөндөмдүү болушу;

- аналитикалык жана стратегиялык иш-кагаздарын даярдоону, презентациялык жөндөмдүүлүгү болушу;

- кызматтарды, жумуштарды жана материалдарды камсыздоочу менен түзүлгөн келишимдердин реестрин түзүү;

- мамлекеттик мүлк фондусунун негизги каражаттары боюнча жылдык инвентаризация жүргүзүү.

3.3. Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме (электрондук почта, ИИН көрсөтүү жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), сүрөтүн;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө 

документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтерди 2024-жылдын 20-майына чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек. 

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.612 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу