Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын улук жана кенже топторуна конкурс жарыялайт:
19.09.2024
Кароолор (346)
Акыркы күн 30.09.2024
Квалификациялык талаптар
1.Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна:
Кесиптик билим деңгээли:
- жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык илимдери, архитектура жана курулуш, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жаатында.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому.
Предметтик мыйзамдар:
- “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 токтому;
- “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 токтому;
-“Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы №219 токтому;
-“Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы №16 токтому;
- “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы №58 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо.
Билгичтиги:
- геодезиялык инструменттерде иштөөнү билүү, жеринде тиешелүү тартууларды жүргүзүүнү;
- курулуштагы экономикалык суроолорду билүү, калькуляция, сметаларды жана сметалык-каржы эсептерин жүргүзүүнү;
- аналитикалык жөндөмдүүлүгү, аналитикалык иш-кагаздарын даярдоо, презентация жасоо жөндөмдүүлүгү болушу;
- жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүүгө, командада иштөөгө жөндөмдүү болушу.
Көндүмдөрү:
- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү.
2.Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже тобуна:
Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык илимдери, архитектура жана курулуш, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жаатында.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Предметтик мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы №213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы №58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
Билгичтиги:
- геодезиялык инструменттерде иштөөнү билүү, жеринде тиешелүү тартууларды жүргүзүүнү;
- курулуштагы экономикалык суроолорду билүү, калькуляция, сметаларды жана сметалык-каржы эсептерин жүргүзүүнү;
- аналитикалык жөндөмдүүлүгү, аналитикалык иш-кагаздарын даярдоо, презентация жасоо жөндөмдүүлүгү болушу;
- жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү, командада иштөө жөндөмдүү болушу.
Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
- өзүнүн арызы;
- резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.
Документтерди 2024-жылдын 30-сентябрына чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.612 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385