Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт

Кароолор (779)


Акыркы күн  28.03.2024
Квалификациялык талаптар  

Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар  министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 “Мамлекеттик органдын  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын  жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн  улук жана кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт:

 

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

 

Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: юриспруденция.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: 

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;

- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин;

- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин;

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”“Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.

  1. 3.2. Билгичтиги: 

- юриспруденция тармагындагы билими, сотто жалпы жана атайын юрисдикциялардагы, бардык инстанциялардагы иштерди жүргүзүүнү билүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин билүүсү, аларды иш жүзүндө пайдаланууну билүү;

- жарандардын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылууну билүү;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун экспертиза жүргүзүүнү билүү;

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоону билүү;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуну билүү;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

3.3. Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды  иш жүзүндө колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-  башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-келишимдерди жана макулдашууларды түзүү боюнча иштөө көндүмдөрү.

 

1.2. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият тануу илимдери анын ичинен гидрометеорология, метеорология, гидрология, география, физика математика илимдери анын ичинен математика, колдонмо математика жана информатика, маалымат технологиялары, физика, фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар, информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар анын ичинен информатика жана эсептөө техникасы, информациялык система жана технологиялар, колдонмо информатика, программалык инженерия, интернет технологиялар жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, автоматташтыруу жана башкаруу, системалык талдоо жана башкаруу, техникалык системаны башкаруу, технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу, техникалык физика.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө», «Жарандык коргонуу жөнүндө» Мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 “Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө” токтомун, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.

3.2. Билгичтиги:

- атмосферанын физикасы жана динамикасы жөнүндө билими;

- дифференциалдык теңдемелерди сандык ыкмалар менен чыгаруу билими;

- программалоо тилин билүү;

- сандык болжолдоолор ыкмасын билүү;

- географиялык маалыматты чогултууга, уюштурууга, башкарууга, башкарууга, анализдөогө, алмашууга жана жайылтууга мүмкүндүк берген системалар менен иштөө («QGIS», «ArcGIS», «GRADS», «NCL», программалы менен же башка заманбап программалар менен иштөөнү билүү;

- математикалык статистика боюнча билими;

- ар түрдүү операциялык тутумдары менен («JC Linux») иштөөнү билүү;

- презентация кылуу жана иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- өз ара жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- эмгектин жаӊы шарттарына көнүү;

3.3. Көндүмдөрү:

- аналитикалык, стратегиялык документтерди түзүу, долбоорлук сунуштарды иштеп чыгуу көндүмдөрү;

- топ ичиндеги иштей алуучулугу, стреске туруктуулугу, сабырдуулугу;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаӊы формаларын жана методдорун издөө көндүмдөрү;

- ченемдик укуктар актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

 

1.3. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш анын ининен архитектура, курулуш, өндүрүштүк жарандык курулуш; электротехника жана электротехника анын ичинен жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, электроэнергетика жана электротехника, энергетика, гидротехникалык курулуш.

  1. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамдарын;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 
15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 5-апрелиндеги № 3-нпа буйругу менен бекитилген “Кыймылсыз мүлктөрдүн курулушу жана башка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүү жөнүндө”, 2018-жылдын 11-июнундагы № 13-нпа буйругу менен бекитилген “Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө” жоболорун, 2016-жылдын 27-майындагы № 5-нпа буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” эрежелер топтомун.

3.2. Билгичтиги: 

- курулушка жана оңдоо иштерине техникалык шарттарды жана уруксат алууну билүү; 

- Кыргызгидрометтин курулуштарын жана имараттарын оңдоо иштерин өткөрүүгө финансылык ресурстарды пландоого эсептерди даярдоону уюштурууну билүү; 

- иштелип чыккан долбоордук документацияны кабыл алууга катышуу, объекттердин курулушуна жана оңдоосуна түзүлгөн сметтик ченемдерди текшерүүнү билүү;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоону билүү;

- командада иштөө.

3.3. Көндүмдөрү: 

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү/

 

1.4. Кесиптик билимдин деңгээли:

  1. - жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика жана башкаруу, экономика, финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит, бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук, финансы жана кредит. 

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: 

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Бухгалтериялык эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндөжобону.

-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 
25-декабрынын № 137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчёттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун.

3.2. Билгичтиги:

- финансылык жана пландык отчётторду түзүүнү билүү;

- финансылык жана перспективдик пландаштыруу чөйрөсүн билүүсү;

- алдын ала 3 жылдык орто мөөнөттүү бюджеттин болжолун билүү;

- ишмердүүлүктүн негизги түрлөрү боюнча эмгектик, финансылык жумшоолордун нормативдерин жүргүзүүнү жана өркүндөтүүнү талдоону билүү;

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоону билүү;

- аналитикалык документтерди даярдоону билүү;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташууну билүү;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

3.3. Көндүмдөрү: 

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

 

  1. 1.5. Кесиптик билимдин деңгээли:
  2. - жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: электротехника, радиотехника жана байланыш анын ичинен электроника жана наноэлектроника, радиотехника, коммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы; автоматташтыруу жана башкаруу анын ичинен системалык талдоо жана башкаруу, техникалык системаны башкаруу, стандартташтыруу, сертификатташтыруу жана метрология; эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар анын ичинен информатика жана эсептөө техникасы, информациялык система жана технологиялар, колдонмо информатика, программалык инженерия, интернет технологиялар жана башкаруу, маалымат коопсуздугу; 
  3. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: 

-Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”,  Мыйзамдарын;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 “Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.

3.2. Билгичтиги: 

- бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин, мониторинг жана жеткирүү системасын түзүү жана өнүктүрүүнү билүү; 

- маалыматтык системаларды (веб-сайт, маалыматтык системалар, электрондук документ оборот ж.б.) үзгүлтүксүз көзөмөлдү жана ыкчам башкарууну жүргүзүүнү билүү;

- программалык камсыздоолорду сактоону, визуализацияны, үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууну билүү;

- расмий веб-сайтты үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу;

- сеттик жана сервердик жабдуулардын иштөөсүн камсыз кылууну билүү;

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоону билүү;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

3.3. Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

 

- локалдык торчолорду түзүү, локалдык торчолорду жөнгө салуу жана камсыз кылуу көндүмдөрү;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди түзүү, презентация кылуу көндүмдөрү;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык камсыздоолорду колдонуу.

 

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

 

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият тануу илимдери анын ичинен гидрометеорология, метеорология, гидрология, география, физика математика илимдери анын ичинен математика, колдонмо математика жана информатика, маалымат технологиялары, физика, фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар, информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар анын ичинен информатика жана эсептөө техникасы, информациялык система жана технологиялар, колдонмо информатика, программалык инженерия, интернет технологиялар жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, автоматташтыруу жана башкаруу, системалык талдоо жана башкаруу, техникалык системаны башкаруу, технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу, техникалык физика.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө», «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 “Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө” токтомун, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.

3.2. Билгичтиги:

- программалоо тилин билүү;

- атмосферанын физикасы жана динамикасы жөнүндө билими;

- сандык болжолдоолор ыкмасын билүү;

- географиялык маалыматты чогултууга, уюштурууга, башкарууга, башкарууга, анализдөогө, алмашууга жана жайылтууга мүмкүндүк берген системалар менен иштөө («QGIS», «ArcGIS», программалы менен же башка заманбап программалар менен иштөөнү билүү;

- математикалык статистика боюнча билими;

- ар түрдүү операциялык тутумдары менен («JC Linux») иштөөнү билүү;

- чоӊ маалыматтар менен иштөөнү билүү.

3.3. Көндүмдөрү:

- иштиктүү сүйлөшүү, көӊүл буруучулук, демилге көтөрүүчүлүк көндүмдөрү;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү.

 

  1. 1.2. Кесиптик билимдин деңгээли: 
  2. - жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери анын ичинен гидрометеорология, метеорология, гидрология, география, жаратылышты колдонуу жана экология; физика-математика илимдери анын ичинен физика, математика; техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология анын ичинен колдонмо гидрометеорология, жаратылышты жайгаштыруу жана суу колдонуу, гидротехникалык курулуш.
  3. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: 

- Кыргыз Республикасынын Суу Кодексин;

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”  Мыйзамдарын;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 
15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.

3.2. Билгичтиги:

- Кыргызстандын суу сактагычтарындагы ыкчам суу балансына чыгарууларды жүргүзүүнү билүү;

- суу сактагычтардагы жана Ысык-Көлдүн суусунун суу балансын түзүү үчүн ыкчам жана режимдик материалдарды иштеп чыгууларды ишке ашырууну билүү;

- дарыялар, алардын режими жана ресурстары жөнүндө системдешкен маалыматтарды жана талдоолорду жүргүзүүнү билүү;

- документтерди, маалыматтарды, суроо талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоону билүү;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

- командада иштөө.

3.3. Көндүмдөрү: 

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу.

 

1.3. Кесиптик билимдин деңгээли:

  1. - жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери анын ичинен гидрометеорология, метеорология, гидрология, география, жаратылышты колдонуу жана экология; физика-математика илимдери анын ичинен физика, математика; техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология анын ичинен колдонмо гидрометеорология.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

  1. 3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.

3.2. Билгичтиги:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоону билүү;

-метеорологиялык болжолдоолор ыкмаларын билүү;

- суткадагы аба ырайынын болжолунунун тууралыгын баалоону ишке ашырууну билүү;

- кооптуу гидрометеорологиялык кубулуштар жөнүндөгү техникалык отчётту түзүүгө катышат, аба ырайынын шарттарынын айлык кароолорун түзүүсүн билүү;

 

- шашылыш эскертүү маалыматтарынын сапатын баалайт, коркунучтуу кубулуштар, аба ырайынын кескин өзгөрүшү, кооптуу гидрометеорологиялык кубулуштар жөнүндөгү эскертүүлөрдүн тууралыгына жана эффективдүүлүгүнө эсеп жүргүзүүнү билүү;

- атмосферанын математикалык моделдеринин жыйынтыгын талдоону билүү;

- документтерди, маалыматтарды, суроо талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоону билүү;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

- командада иштөө.

3.3. Көндүмдөрү: 

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу.

 

1.4. Кесиптик билимдин деңгээли: 

- жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гуманитардык илимдери, табият таануу илимдери, техникалык илимдери, физика-математика илимдери, социалдык илимдери, педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу анын ичинен персоналдарды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент; эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар; китепкана таануу жана документ жүргүзүү, агроэкология.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: 

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 61 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө”, 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 169 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө” Жарлыктарын;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 
15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.

3.2. Билгичтиги:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткарууну билүү;

- документтерди, маалыматтарды, суроо талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоону билүү;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоону билүү;

- командада иштөө.

3.3.Көндүмдөрү: 

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык камсыздоолорду колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

-жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме (электрондук почта, ИИН көрсөтүү жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты  көрсөтүү менен), сүрөтүн;

-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2024-жылдын 11-мартынан 28-мартына чейин жарыя чыккан күндөн тартып төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Бишкек шаары, Керимбекова көч., 1, Кадрлар жана иш кагаздар бөлүмү 1-кабат, каб.101 тел.:0312 314699, 316290. Толук маалыматты КР ӨКМнин (www.mes.gov.kg), Гидрометеорологиялык кызматынын (www.meteo.kg) сайттарынан алса болот.

Толук маалыматты КР МКне караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин mkk.gov.kg жана КР ӨКМне караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын (www.meteo.kg) сайттарынан алса болот.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу