КР ӨКМне караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орунуна сынак жарыялайт

Кароолор (293)


Акыркы күн  25.03.2024
Квалификациялык талаптар  

КР ӨКМне караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орунуна сынак жарыялайт

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:

 

           КР ӨКМне караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти Ош  шаары, Моминова көчөсү, 11.

           Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли: 

- жогорку билим, гидрогеология жана инженердик геология, химиялык жана биологиялык технология, өзгөчө кырдаалдарда коргоо.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы: 

- мамлекеттик кызмат же/жана муниципиалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1 Төмөнкүлөрдү билүү: 

      Негизги мыйзамдар:

-    Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;

- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 – мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

- Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”;

-“Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө”;

- “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө”; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнундө”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомдорун, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти жөнүндө жоболрун билүү;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

       3.2 Билгичтиги: 

- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

 - кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

- алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жана ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

        3.3 Көндүмдөрү: 

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

-тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;

-жумушту жана иш убактыны мерчемдөө.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

- арыз бош кызмат орундун так аталышы менен, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт 3х4  4 даана;

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин, кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү. 

Сынакка катышуу үчүн документтерди төмөнкү адрестер боюнча берүү керек: Ош шаары, Моминова көч.11, каб.204.

Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 2024-жылдын                  25-мартына чейин кечиктирбестен кадр жана иш кагаздары боюнча башкы адисине тапшыруу зарыл.

Байланыш телефондор: (0551) 11 22 00.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу