КР ӨКМ кадрлар резервине киргизүү үчүн улук административдик мамлекеттик кызматынын орундарына конкурс жарыялайт

Кароолор (235)


Акыркы күн  10.06.2024
Квалификациялык талаптар  

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук административдик мамлекеттик кызматынын орундарына конкурс жарыялайт

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы УП №24 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервинин иштеши» Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук административдик мамлекеттик   кызматынын орундарына кабыл алуу үчүн конурс жарыялайт.

 

I.  Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна: 

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, энергетика жана электротехника, техникалык, айыл чарба, экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, табият таануу, архитектура жана курулуш, саламаттыкты сактоо, гуманитардык илимдер; өзгөчө кырдаалдардан коргонуу;

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар: 

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 

-Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы; 

-Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы; 

-Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы; 

-Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы; 

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.


         Предметтик мыйзамдар:    

- Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-апрелиндеги №159 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы эвакуациялык комиссиясы  жөнүндө”,   2018-жылдын     22-ноябрындагы     №550  «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы №212               

“Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү   тартибин  бекитүү     жөнүндө”,   2019-жылдын    6-майындагы   №213

“Жарандык   коргонуу  жаатындагы  эскертүүлөрдү  берүүнүн  тартиби  жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 23-октябрындагы №569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы №58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону. 

3.2. Билгичтиги:

- жарандар менен иштей билүү жөндөмү;

- жарандык коргонуу боюнча машыгуулардын материалдарын өз алдынча иштеп чыгуу;

- жарандык коргонуу боюнча буйрук, чечим, токтом, сунуштардын долбоорун даярдоо;

- жарандык коргонуу боюнча машыгуулардын материалдарын анализдөө жана жалпылоо;

- карталар менен иштей билүү жөндөмү.

3.3. Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү.

 

 

II. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна: 

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, техносфердик коопсуздук, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият илимдери, гуманитардык илимдери, педагогикалык билим, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, маалыматтык коопсуздук, тоо-кен илимдери, айыл чарба, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, электроника, радиотехника жана байланыш, техника илимдери, техносфералык жана өрт коопсуздугу, жаратылыш жана гидрометеорология, аскердик билими, техникалык илимдери.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.                                                                                                              

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар: 

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 

-Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы; 

-Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы; 

-Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы; 

-Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы; 

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120

токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.


Предметтик мыйзамдар:

- Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-апрелиндеги №159 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы эвакуациялык комиссиясы   жөнүндө”,   2018-жылдын     22-ноябрындагы   №550   «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы №212 “Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы №213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 23-октябрындагы №569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы №58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону. 

3.2. Билгичтиги:

- документтердин, маалыматтардын, сурамдарга жооптордун сапаттуу даярдоого жөндөмү;

- командада иштей билүүгө жөндөмү;

- кызматтык алака, көңүл бөлүүгө, демилге көтөрө билүүгө жөндөмү;

- ири көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүүгө жөндөмү.

3.3. Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

- паспорттун көчүрмөсүн;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган  документтерин  (эмгек китепчесинин,  билими,  квалификациясы жогорулаткандыгы,  илимий   даража   же  илимий   наам  берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

 

         Документтерди 2024-жылдын 10-июнуна чейин Кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек.

 

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:  Бишкек  шаары, Кулатов көчөсү 11, каб. 14 (Кадрлар  бөлүмүнө), тел.: (312) 590346.

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу