КР ӨКМ кадрдык резервине киргизүү үчүн улук жана кенже административдик мамлекеттик кызматына сынак жарыялайт

Кароолор (682)


Акыркы күн  04.09.2023
Квалификациялык талаптар  

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрдык резервине киргизүү үчүн улук жана кенже административдик мамлекеттик кызматка конкурс жарыяланат:

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  3. Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
  5. Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  6. Кыргыз Республикасынын  Президентинин Жарлыгы 2022-жылдын 31-майындагы № 171 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө”;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”.
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү. 

 

II. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1. Кесиптик билимдин деңгээли: 

- жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: экономика жана башкаруу илими, бухгалтердик эсеп жана аудит, каржы;

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси,

- Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдарын,

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын                     1-августундагы № 433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”, 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”, 2014-жылдын 31-октябрындагы № 620 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларынын акчалай акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 1997-жылдын 25-июнундагы № 377  Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө токтомдорун.

3.2. Билгичтиги;

- каржы жана мерчемдөө отчётторун  даярдоо жөндөмдүүлүгү;

- бюджеттин эксплуатациялык чыгымдарынын сметасын түзүү жөндөмдүүлүгү;

- негизги ишмердүүлүктүн түрлөрүнө жараша каржы, эмгек чыгымдарынын нормативдерин өркүндөтүү жана жүрүшүнө анализ жүргүзүү. 

- “1С-бухгалтерия” 8.2 программасын билүү;

- иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин билүү.

3.3. Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

- өзүнүн арызы;

- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү;

 

Документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 10 календардык күндүн ичинде КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Кадрлар бөлүмүнө Нарын ш., О.Токтосунова көч. № 38 дареги боюнча тапшыруу керек. Тел. 0705 412675.

 

 

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу