КР ӨКМ бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт

Кароолор (1328)


Акыркы күн  06.09.2023
Квалификациялык талаптар  

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш, гидротехникалык курулуш, архитектор-дизайнер, конструктор.

2.Төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:

- аналитикалык жөндөмдүүлүгү жана презентация жасоо жөндөмдүүлүгү болушу;

- бүтүрүлгөн объекттер боюнча аткарылган иштерге акы төлөө жана каржылоо принциптерин, өндүрүштүн технологияларын жана курулуш иштеринин түрлөрүн, курулуш иштеринин сапаттарына, колдонулган курулуш материалдарына коюлган талаптарды билүү;

- жыйынтыктоо сметаларды түзүүнү;

- курулуш иштеринин негизги түрлөрүнө калькуляция түзүүнү;

- тармактык жана улуттук стандарттарды колдонууну;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- маалыматтык талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

- паспорттун көчүрмөсүн;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтерди 2023-жылдын 6-сентярбга чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.613 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу