АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК КЫЗМАТЫНЫН ОРУНДАРЫНЫН УЛУК ТОПТОРУНА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ
20.08.2026
Кароолор (18)
Акыркы күн 19.09.2026
Квалификациялык талаптар
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин
2026–жылдын 13–февралындагы № 43 «Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын улук топторуна конкурс жарыялайт:
1. Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна (КӨБ):
Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык илимдери, архитектура жана курулуш, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жаатында.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
- «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
– «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 «Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 219 «Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 «Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 16 «Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө» токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 «Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо.
Билгичтиги:
– геодезиялык инструменттерде иштөөнү билүү, жеринде тиешелүү тартууларды жүргүзүүнү;
– курулуштагы экономикалык суроолорду билүү, калькуляция, сметаларды жана сметалык-каржы эсептерин жүргүзүүнү;
– аналитикалык жөндөмдүүлүгү, аналитикалык иш-кагаздарын даярдоо, презентация жасоо жөндөмдүүлүгү болушу;
– жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүүгө, командада иштөөгө жөндөмдүү болушу.
Көндүмдөрү:
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү.
2. Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна (ИАС):
Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика жана башкаруу илимдери боюнча экономика, финансы жана бухгалтердик эсеп жана аудит.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
– Ички аудитордун квалификациялык сертификаты болушу зарыл.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
- «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
- «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Ички аудит жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
15-ноябрындагы № 262 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо.
Билгичтиги:
– аналитикалык документтерди түзүү ыкмалары, презентациялык көндүмү, аналитикалык жөндөмү.
Көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу.
Конкурска катышууну каалаган адамдар 2026–жылдын 7-сентябрына чейин «Е–кызмат» мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу:
– электрондук форматта өтүнмө беришет;
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыктайт;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кабыл алууну тастыктайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтер (сканерленген документтер) тиркелет:
– өзүнүн арызы;
– резюме;
– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.
Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан «Е–кызмат» мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт.
Конкурс боюнча кошумча маалыматты төмөнкү дарек боюнча алса болот: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.612 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385