“СОСНОВКА” ПОСТУНДА ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЧЕКТӨӨ КИРДИ
14.11.2024
Кароолор (204)

Жайыл районунун “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 18:00дөн тартып №9 Жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча убактылуу чектөө киргизилди.
Бишкек-Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында жабылды.
Унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынат.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР