Токой кызматы
Байланыштар
Юридикалык дареги: 720010, Бишкек шаары, Чүй проспекти 265а
Телефону : 0312 641 035
Электрондук дареги: info@forest.gov.kg
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы (мындан ары - Кызмат) жөнүндө жобо Кызматтын ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Кызмат Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
4. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Кызмат юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби жана башка эсептери бар. Мамлекеттик мүлк ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет.
6. Кызматтын уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
7. Кызматты каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
8. Кызматтын расмий аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы";
- расмий тилде: "Лесная служба при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики";
2) кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ӨКМ караштуу ТК";
- расмий тилде: "ЛС при МЧС КР".
9. Кызматтын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 3.
10. Ушул Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүргүзүлөт.
2-глава. Кызматтын максаты
11. Кызматтын ишинин максаты токой экосистемаларын сактоо жана өнүктүрүү, мамлекеттик токой фондунун аймагында токой чарбасын сарамжалдуу жүргүзүү, ошондой эле биотүрдүүлүктү сактоону эске алуу менен токой экосистемаларынын туруктуу өнүгүүсүн жана иштөөсүн камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын токой аңчылык жайгаштыруусун ишке ашыруу болуп саналат.
3-глава. Кызматтын милдеттери
12. Кызматтын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) токой экосистемаларынын талаптагыдай сапаттуу абалын камсыз кылуу, республиканын аймагынын токойлуу аянтын көбөйтүү, токой тармагында башкаруунун инновациялык методдорун өнүктүрүү;
2) токой ресурстарын эсепке алууну, абалын баалоону камсыз кылуу, токой ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуу;
3) токой экосистемаларына пландалган башкаруучулук, чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашыруунун мүмкүн болгон терс кесепеттеринин таасирин алдын алуу;
4) токой чарбалары тарабынан токойлорду өрттөн жана токой бузуулардан коргоого, токойду зыянкечтерден жана оорулардан сактоого, токой экосистемаларын өнүктүрүүгө, жыгач жана жыгач эмес токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга багытталган токой чарба иш-чараларынын өткөрүлүшүнө колдоо көрсөтүү;
5) токой фондунун аймагында биотүрдүүлүктү сактоону, калыбына келтирүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу;
6) мамлекеттик токой фондунун аймагында биотүрдүүлүк ресурстарынын абалын баалоо, аларды талдоо жана өзгөрүүлөрдү болжолдоо чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
7) мамлекеттик токой фондунун аймагында биотүрдүүлүк объекттерин сарамжалдуу пайдаланууга көмөк көрсөтүү;
8) токой аңчылык жайгаштыруу, токой ресурстарын, флораны жана фаунаны эсепке алуу жана абалын баалоо, аларды туруктуу башкаруу боюнча иш-чараларды пландоо;
9) токой экосистемаларынын ресурстарын инвентаризациялоо жана аларды туруктуу башкаруу боюнча иш-чараларын пландоо;
10) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, калктын жана башка кызыкдар жактардын токой экосистемаларынын жана мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүнүн абалы жөнүндө, токой чарбасынын субъекттеринин иши жөнүндө маалымдуулугунун даражасын (деңгээлин) жогорулатуу.
4-глава. Кызматтын функциялары
13. Кызмат коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндө:
- токой чарбасын комплекстүү башкаруу, мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүн сактоо жана аларды сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле токой аңчылык жайгаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- токой чарбасын жүргүзүү жана токой фондунун биотүрдүүлүгүн сактоо, токой ресурстарын коргоо, сактоо, калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу жаатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, иштелип чыгуучу мамлекеттик программаларга сунуштарды иштеп чыгат жана Министрликке киргизет;
- кызыкдар мамлекеттик органдар жана илимий мекемелер менен биргеликте мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүн сактоонун жана ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун стратегиясын жана мамлекеттик программаларынын саясатын, аймактык комплекстүү схемаларын иштеп чыгууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды ишке ашырууга, ошондой эле Министрлик менен макулдашуу боюнча донорлордун жана эл аралык уюмдардын колдоосу (финансылык, техникалык) менен ишке ашырылуучу долбоорлорго, программаларга катышат;
- инвестицияларды, гранттык каражаттарды тартуу жана токой чарбасы боюнча алдынкы тажрыйбаларды колдонуу, токой фондунун биотүрдүүлүгүн сактоо, калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Министрликке киргизет;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгү, токой чарбасын башкаруу жаатында, ошондой эле токой аңчылык жайгаштыруу маселелери боюнча чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте кызматташууну жүзөгө ашырат;
- токой чарбаларынын ишин уюштурат;
- токой чарбасын жүргүзүүнү, токой ресурстарын коргоону, токой пайдаланууну жана калыбына келтирүүнү, токойлорду өрттөн, өзүм билемдик менен кыюудан коргоону, токойлорду зыянкечтерден, оорулардан жана токойго зыян келтирүүчү башка иш-аракеттерден коргоону уюштурат;
- кызыкдар тараптарга токойду калыбына келтирүү жана санитардык абалын сактоо, токойлордун өсүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, коргоочу жана эрозияга каршы токой өсүмдүктөрүн түзүү, ошондой эле социалдык токой өстүрүүнү жана агротокойчулукту өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
- токой экосистемаларынын, мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүнүн, анын ичинде токой аңчылык жайгаштырууну жүргүзүүнүн, токой фондун эсепке алуунун жана токойлорду инвентаризациялоонун абалына мониторинг жүргүзөт;
2) координациялоо чөйрөсүндө:
- жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар тарабынан жаратылышты коргоо жана токой мыйзамдарынын талаптарынын, мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүнүн объекттерин пайдалануунун белгиленген эрежелеринин жана ченемдеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштурат;
- токой чарбасын жүргүзүүгө, токой фондун эсепке алууга, токой ресурстарын коргоого, пайдаланууга жана калыбына келтирүүгө, токойлорду өрттөн, өзүм билемдик менен кыюудан коргоого, токойлорду зыянкечтерден, оорулардан жана токой чарбасына зыян келтирүүчү башка иш-аракеттерден сактоого мамлекеттик, ведомстволук контроль жана мамлекеттик мониторинг жүргүзөт;
- токой жайыттарын сарамжалдуу пайдалануу, мамлекеттик токой фондунун участокторун рекреациялык жана башка максаттарда пайдалануу маселелерин координациялайт;
-табигый процесстерге мониторинг жүргүзөт, флораны жана фаунаны инвентаризациялайт;
- токой чарбаларында экологиялык туризмди жана экоагартууну уюштуруу боюнча иш-чараларды координациялайт;
- токой аңчылык жайгаштыруу боюнча иштерди координациялайт;
- жаратылышты коргоо жана токой мыйзамдарын бузууларга бөгөт коюу жана алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
- төмөнкүлөр боюнча юридикалык жактардын (менчигинин түрүнө карабастан) ишин координациялайт:
- мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүнүн объекттери боюнча эсепке алуу, кадастрдык жана мониторингдик иштерди жүргүзүү;
- коргоочу жана биотехникалык иш-чараларды пландоо, уюштуруу жана жүргүзүү;
- өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, алар байырлаган (жүргөн) жана өскөн чөйрөнү коргоону уюштурат жана жүзөгө ашырат, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана жеке жактар тарабынан мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүнүн объекттерине таасирин тийгизүүчү Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча белгиленген тартипте чараларды көрөт;
- өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууну контролдоо постторунун ишин белгиленген тартипте уюштурат жана координациялайт, алардын ишин жүргүзүүгө катышат;
- жаратылышты коргоо жана токой мыйзамдарын бузууларга бөгөт коюу, аныктоо жана алдын алуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенет;
3) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- токой ресурстарын башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат;
- пландык жана пландан тышкаркы токой аңчылык жайгаштыруу долбоорлорун, картографиялык материалдарды жана токой аңчылык жайгаштыруунун башка документтерин бекитет;
- токой экосистемаларын өнүктүрүү жана биотүрдүүлүктү сактоо чөйрөсүндөгү топографиялык-геодезиялык, картографиялык, аэро жана космофотого тартуу материалдарын эсепке алуу, сактоо жана берүү боюнча иштерди жүргүзөт;
- токой чарбаларын башкаруу пландарын бекитет;
- мамлекеттик токой фондунун аймагындагы токой жайыттарын пайдалануу менен байланышкан, токой пайдалануу, токой өстүрүү боюнча иш-чараларды аткаруу, токойду калыбына келтирүү, токойду коргоо жана сактоо жана башка токой ресурстарын пайдалануу маселелерин жөнгө салат;
- мамлекеттик токой фондунун токой ресурстарын пайдаланууга уруксат документтерин белгиленген тартипте берет, токтото турат жана жокко чыгарат;
- белгиленген тартипте өзгөчө баалуу дарак породаларын кыюуга уруксат берет;
- санитардык жана башка кыюуга, токой өсүмдүктөрүн багуу иретиндеги кыюуларга, токойду сөңгөктөрдөн тазалоого жыгач берүүгө наряд берет;
- белгиленген тартипте токой ресурстарын жана мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүнүн объекттерин пайдалануу үчүн төлөм алууну жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик органдар, илимий мекемелер менен биргеликте жаратылыш компоненттерин (объекттерди) жана ресурстарын эсепке алат, абалын баалайт;
- мамлекеттик токой фондунун аймагында юридикалык жана жеке жактардын калыбына келтирүү жана коргоо иш-чараларын жүргүзүү боюнча алардын пландарын макулдашат;
- белгиленген тартипте токой чарбаларынын аймагына кире бериштеги контролдоо постторунун ишин жөнгө салат;
4) кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө:
- каржылоо заказчылардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү пландан тышкаркы токой аңчылык жайгаштыруу жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт;
- мыйзамдарга ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;
5) ишке колдоо көрсөтүү чөйрөсүндө:
- флора, фауна, токой фонду, анын ичинде пайдалануучулар боюнча мамлекеттик маалыматтар базасын түзүүнү, жүргүзүүнү жана жаңылоону, бул маалыматтарды талдоону, тиешелүү маалыматтык материалдарды даярдоону жана басып чыгарууну жүзөгө ашырат;
- коомдук (штаттан тышкаркы) инспекторлордун (кошуунчулардын) тармагын түзөт;
- жаратылыш, туруктуу өнүктүрүү принциптери, жашыл өсүү жөнүндө билимдерди пропагандалоону жана жайылтууну уюштурат, токой экосистемаларын өнүктүрүү жана токой фондунун биотүрдүүлүгүн сактоо, токой чарбасын өнүктүрүү жаатында сынактарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды, башка коммуникативдик иш-чараларды өткөрөт;
- токой чарбаларынын токой ресурстарына мониторинг жүргүзүү, токой фондун эсепке алуу, токойлорду калыбына келтирүү, токой кадастры үчүн маалыматтарды түзүү жана пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде токой ресурстарын жана токой фондунун биотүрдүүлүгүн коргоо, калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу, алардын абалын изилдөө чөйрөсүндө чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу программаларына; белгиленген тартипте экологиялык маалыматтарды жыйноого жана алмашууга; Кыргыз Республикасын эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө катышат;
- өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү жана чектеш функцияларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумдарды, макулдашууларды, регламенттерди, көрсөтмөлөрдү түзөт;
- токой ресурстарын жана токой фондунун биотүрдүүлүгүн иликтөөгө (изилдөөгө), сактоого, калыбына келтирүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга багытталган чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен меморандумдарды, макулдашууларды, келишимдерди түзүү боюнча Министрликке сунуштарды киргизет жана анын атынан функцияларды ишке ашырат.
14. Кызмат юридикалык жана жеке жактардан келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды карайт, ошондой эле анын компетенциясына кирген маселелер боюнча кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүгө катышат.
5-глава. Кызматтын укуктары
15. Кызмат өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Министрликтин коллегиясынын жыйналыштарында токойлорду өстүрүү, токойлорду калыбына келтирүү, токойлорду коргоо жана сактоо, мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу пайдалануу, технологияларды киргизүү ж.б. маселелер боюнча милдеттерди жана функцияларды аткаруу жөнүндө ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин отчетторун угуу тууралуу сунуштарды киргизүүгө;
2) эгерде мамлекеттик токой фондунун аймагында же менчигинин түрүнө карабастан аларга жакын жайгашкан ишканаларды же башка объекттерди эксплуатациялоо жаратылышты коргоо мыйзамдарынын, жаратылышты пайдаланууга лицензиялардын жана уруксаттардын талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылса, алардын ишин токтото турууга;
3) илимий уюмдар менен макулдашуу боюнча республиканын аймагында (анын ичинде мамлекеттик токой фондунда) байырлаган (өсүп жаткан) өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын объекттерине зыян келтириши же адамдардын ден соолугуна зыян тийгизиши мүмкүн болгон өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга, коё берүүгө, көчүрүүгө жана климатташуусуна жол бербөөгө чараларды көрүүгө;
4) мыйзамда белгиленген тартипте кармалган, алынган же конфискацияланган, мыйзамсыз алынган жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, ошондой эле алардан алынган буюмдарды белгиленген тартипте сактоо же сатуу үчүн мамлекеттик органдардан, коомдук уюмдардан жана бирикмелерден, ошондой эле жеке адамдардан кабыл алууга;
5) токойду пайдаланууну жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактардан зарыл болгон маалыматтарды, токой экосистемаларынын жана токой фондунун биотүрдүүлүгүнүн объекттеринин абалы жөнүндө, токойлорду өстүрүү, токойлорду калыбына келтирүү, токойлорду сактоо жана коргоо боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалыматтарды алууга;
6) мамлекеттик жана жумушчу комиссиялардын жаңы (реконструкцияланган, кеңейтилген, технологиялык жактан кайра жабдылган, жоюлган) объекттерди кабыл алуу жана эксплуатацияга берүү, объекттердин жайгашкан жерин тандоо жана ведомстволук аймактарда чарбалык иш жүргүзүү үчүн жер бөлүп берүү боюнча ишине катышууга;
7) эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга, Министрлик менен макулдашуу боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте эл аралык келишимдерди түзүүгө;
8) токой кыюу жана сөңгөктөрдөн тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн жыгач берүүгө наряд берүүгө;
9) жаратылышты коргоо маселелерин чечүү, токой ресурстарын жана токой фондунун биотүрдүүлүгүн коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн илимий-техникалык, эксперттик жана башка кеңештерди, топторду жана комиссияларды түзүүгө, эксперттик корутундуларды берүүгө;
10) окумуштуулардын, коомдук ишмерлердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес жана коомдук уюмдардын, окуу жайларынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана жарандардын арасынан түзүлүүчү консультациялык, коомдук кеңештерди түзүүгө;
11) пландык жана пландан тышкаркы токой аңчылык жайгаштыруу долбоорлорун бекитүүгө;
12) илимий, окутуу-консультациялык, маалыматтык жана башка иштерди жүргүзүүгө;
13) мамлекеттик токой фондунун аймагында текшерүүгө, кароого, кармоого жана документтерин, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууларды жасоо шаймандарын (предметтерди), транспорт каражаттарын, мыйзамсыз алынган жаратылыш, анын ичинде жаныбар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин мыйзамда белгиленген тартипте алып коюуга;
14) белгиленген тартипте мамлекеттик токой фондунун аймагында жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын жана өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине, алар байырлаган (жүргөн) жана өскөн чөйрөгө зыян келтирүүчү укукка каршы башка аракеттерди алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга, аныкталган бузуу фактылары боюнча протоколдорду, актыларды жана башка материалдарды түзүүгө, келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө күнөөлүү адамдарга дооматтарды коюуга; күнөөлүү жактарды белгиленген жоопкерчиликке тартууга жана аларга жаза колдонуу үчүн тиешелүү иштер боюнча материалдарды укук коргоо, сот органдарына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын компетенцияларына ылайык өткөрүп берүүгө;
15) өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине, алар байырлаган (жүргөн) жана өскөн чөйрөгө зыян келтирүүчү жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын жана укукка каршы башка аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча Кызматтын кызматкерлери (жумушчулары), өндүрүштүк жана коомдук контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу жактар тарабынан түзүлгөн материалдарды (протоколдорду, актыларды жана башка материалдарды) кароого кабыл алууга;
16) белгиленген тартипте материалдарды кароого жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө күнөөлүү адамдарга дооматтарды коюуга;
17) күнөөлүү жактарды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартууга жана аларга жаза колдонууга;
18) юридикалык жана жеке жактар тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын, пайдалануучулар тарабынан мамлекеттик токой фондунун аймагында чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдердин жана макулдашуулардын шарттарынын сакталышын белгиленген тартипте текшерүүгө;
19) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, калыбына келтирүү (өстүрүү) жана пайдалануу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн текшерилип жаткан юридикалык жана жеке жактарга мамлекеттик токой фондунун аймагында аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды четтетүү жөнүндө эскертүүлөрдү берүүгө;
20) токой фондунун аймагында жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбалык субъекттер, жеке жактар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууга;
21) Кызмат тарабынан берилүүчү уруксат берүү документтерин, ошондой эле мамлекеттик бийликтин башка органдарынын уруксаттарын көрсөтүүнү талап кылууга жана текшерүүгө (бар экендигин жана келип чыгуунун мыйзамдуулугун);
22) текшерилүүчү адамдардын транспорт каражаттарын, буюмдарын, кол жүгүн, багажын, аңчылык, балык уулоо/чогултуу шаймандарын, башка предметтерин, ошондой эле алынган продукцияларын белгиленген тартипте карап чыгууга;
23) мамлекеттик токой фондунун аймагында жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандардан өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ресурстарын мыйзамсыз пайдалануу шаймандарын (курал-жарак, капкан, тор ж.б.) белгиленген тартипте убактылуу алып коюуга жана аларды соттун чечими боюнча конфискациялоого;
24) юридикалык жана жеке жактардан мамлекеттик токой фондунун аймагында мыйзамсыз алынган (сатып алынган) өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин же продукциясын, ошондой эле алардан жасалган буюмдарды белгиленген тартипте алып коюуга; аларды белгиленген тартипте пайдаланууга, сатууга же жок кылууга;
25) жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун аныкталган фактылары жана өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине, алар байырлаган (жүргөн) жана өскөн чөйрөгө зыян келтирүүчү укукка каршы башка иш-аракеттер боюнча өзүнүн компетенциясына ылайык протоколдорду (актыларды) түзгөн жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринде белгиленген өлчөмдөрдө сый акыларды төлөөгө;
26) өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан, башка мекемелерден жана уюмдардан суроого жана алууга;
27) археологиялык жана геологиялык жаратылыш эстеликтерин изилдөөдө, сактоодо жана пайдаланууда көмөк көрсөтүүгө;
28) токой чарбаларынан жана башка чарбалардан жазгы жана күзгү кыдырып текшерүүлөр, жазгы токой өстүрүү боюнча иштерди техникалык кабыл алуу, токой өсүмдүктөрүн жана питомниктерди инвентаризациялоо боюнча жыйынды маалыматтарды кабыл алууга;
29) токой чарбаларынан иштин жыйынтыгы боюнча квартал сайын финансылык-чарбалык отчетторду кабыл алууга;
30) иши же иш-аракеттери токой ресурстарына жана токой фондунун биотүрдүүлүгүнө таасирин тийгизген юридикалык жана жеке жактардан (анын ичинде чет өлкөлүк) укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү документтердин көчүрмөлөрүн, маалыматтарды, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, ошондой эле белгиленген отчеттуулукту белгиленген тартипте суроого жана алууга;
31) өз алдынча, ошондой эле Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга;
32) токой ресурстарын жана мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүн коргоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, ошондой эле токой фондунун биотүрдүүлүгүнүн объекттерине жана алар байырлаган/өскөн чөйрөгө таасир этүү менен байланышкан иштин башка түрлөрүн жүргүзгөн юридикалык жактарга консультациялык жана методикалык жардам көрсөтүүгө;
33) токой ресурстары жана токой фондунун биотүрдүүлүгү жөнүндө билимдерди пропагандалоого жана жайылтууга; Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүгө;
34) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана анын илимий институттарынын, башка илимий уюмдардын, жогорку окуу жайларынын кызматкерлерин, айрым адистерди (көз карандысыз эксперттерди), башка кызыкдар болгон юридикалык жана жеке анын ичинде чет өлкөлүк жактарды тейлеген чөйрөсүндө илимий-изилдөө жана токой аңчылык жайгаштыруу иштерин жүргүзүү үчүн тартууга (анын ичинде келишимдик негизде);
35) өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, алар байырлаган (жүргөн) жана өскөн чөйрөнү коргоо боюнча иштерге жеке жактарды ыктыярдуу негизде, штаттан тышкаркы инспектор катары тартууга;
36) көмөкчү чарбаларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө.
16. Кызматтын кызматкерлери айырма белгилери менен бекитилген үлгүдөгү формалык кийим кийүүгө, кызматтык куралды жана атайын каражаттарды (транспорт, байланыш, кишен, желим таяк, жаш агыза турган заттарды) сактоого, алып жүрүүгө, пайдаланууга жана колдонууга, кызматтык милдеттерин аткарууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген тартипте күч колдонууга.
17. Кызмат тейлеген тармагындагы республикалык айлана-чөйрөнү коргоо органынын укуктарына ээ жана Кыргыз Республикасынын токой чарбасы жана биотүрдүүлүктү сактоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык Министрлик тарабынан өткөрүп берилген функцияларды аткарат.
6-глава. Кызматтын ишин уюштуруу
18. Кызматты директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
19. Кызматтын директорунун орун басарлары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте директордун сунушу боюнча министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат жана ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде Кызматтын ишин уюштурат.
20. Кызматтын башкы бухгалтери Кызматтын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
21. Кызматтын директору:
1) өзүнүн ишинде өзгөчө кырдаалдар министрине түздөн-түз баш иет;
2) Кызматтын ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт жана Кызматка жүктөлгөн милдеттерди жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен мамилелерде Кызматтын атынан чыгат;
4) Кызматтын борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана чыгымдар сметасын иштеп чыгат жана министрге бекитүүгө киргизет;
5) номенклатурага ылайык бош кызмат орундарын ээлөөгө министрге сунуштарды киргизет;
6) номенклатурага ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык Кызматтын мамлекеттик кызматчыларын жана кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, Кызматтын мамлекеттик кызматчылары жана кызматкерлери менен эмгек келишимдерин (контракттарды), анын ичинде Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, жетекчинин орун басарлары жана башкы бухгалтерлери менен мөөнөттүү эмгек келишимдерин (контракттарды) түзөт;
7) Кызматтын кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
8) Кызматтын системасынын кызматкерлерине (жумушчуларына) карата белгиленген тартипте сыйлыктардын жана тартиптик жазалардын түрлөрүн колдонот;
9) өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
10) аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн мыйзамдарга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
11) Кызматтын системасынын кызматкерлерин Министрликтин ведомстволук сыйлыктары, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектери менен сыйлоо жөнүндө сунуш киргизет;
12) Кызматтын системасынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, министрликтердин жана ведомстволордун сыйлыктары, ошондой эле Министрликтин сыйлыктары жана төш белгилери менен сыйлоого сунуштоо жөнүндө Министрликке өтүнүч берет;
13) Кызматтын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн пландарын бекитет;
14) Кызматтын техникалык кеңешинин жыйналыштарын өткөрөт жана Кызматтын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн техникалык кеңештеринин жыйналыштарына катышат;
15) Кызматтын ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
16) министр тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу кызматкерлерди кошпогондо, Кызматтын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин бекитет;
17) өзүнүн компетенциясынын чегинде Кызматтын кызматкерлерине тартиптик жазаларды колдонот;
18) министр тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кызматтын кызматкерлерине тартиптик жаза колдонуу жөнүндө сунушту Министрликке киргизет;
19) мамлекеттик органдарда, сотто, башка мекемелерде жана уюмдарда Кызматтын атынан чыгат жана ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдү сунуштоого катышат;
19-1) коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
20) Кызматтын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин квалификациялык даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
21) Кызматтын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүүгө, эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтөт;
22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды, ошондой эле Министрлик тарабынан өткөрүп берилген функцияларды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Кызматтын директору жок учурда анын функцияларын орун басарларынын бири аткарат.
23. Кызматта техникалык кеңеш түзүлөт, анын курамына 7 адам кирет: Кызматтын директору (техникалык кеңештин төрагасы), Министрликтин өкүлү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн башка кызматкерлери.
Техникалык кеңештин мүчөлөрүнүн жеке курамы Кызматтын директорунун сунушу боюнча министр тарабынан бекитилет.
Техникалык кеңеш жөнүндө жобо министр тарабынан бекитилет.
7-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
24. Бухгалтердик, статистикалык эсепке алуу жана отчеттуулук Кызмат тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
8-глава. Кызматты өзгөртүп түзүү жана ишин токтотуу
25. Кызматты кайра атоо, кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык жүзөгө ашырылат.
26. Кызматтын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.