Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти
Байланыштар
Юридикалык дареги: Ош шаары, Алиев көчөсү 172, 1-кабат
Телефон: 0 (3222) 7-13-52
Электрондук почта: plpchs@mail.ru
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (мындан ары - Министрлик) караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти (мындан ары - Департамент) Министрликтин Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган инженердик-коргоочу курулмаларды куруу жаатындагы ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департаменттин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
4. Департаменттин толук аталышы: - мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти"; - расмий тилде: "Департамент капитального строительства no предупреждению и ликвидации чрезвычайных ситуаций Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
5. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет жана ага бекитилген мүлккө оперативдүү башкарууну ишке ашырат, банк мекемелеринде эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары бар. Департаментти күтүүгө чыгымдарды каржылоо тийиштүү жылга республикалык бюджетте Министрлик үчүн каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Департаменттин юридикалык дареги: Ош шаары, Алиев көчөсү 172, 1-кабат.
2. Департаменттин милдеттери
7. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет: -
жарандык коргонуу жаатында калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү уюштуруу;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы курулуш жана оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин мамлекеттик программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
3. Департаменттин функциялары
8. Департамент жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- жарандык коргонуу жаатында табигый кырсыктардын, авариялардын, табигый жана техногендик мүнөздөгү катастрофалардын кесепеттерин жоюу боюнча авариялыккалыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланышкан алдын алуу жана коргоо мүнөзүндөгү биринчи кезектеги объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча мамлекеттик заказчынын функцияларын жүзөгө ашырат;
- ар жылдык капиталдык курулуш пландарын аткарат, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу программасына киргизилген объекттерди долбоорлоонун жана куруунун узактыгынын ченемдерине ылайык объекттерди жана негизги фонддорду эксплуатациялоого киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуш иштерине, товарларды жеткирүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө мамлекеттик сатып алууларды жүргүзөт;
- коргоочу иш-чараларга жана авариялык-калыбына келтирүү иштерине тиешелүү маселелерди Министрликтин Техникалык кеңешинин кароосуна киргизет;
- тийиштүү эксплуатациялоочу уюмдарга өткөрүп берүү үчүн курулуп бүткөн объекттерди мамлекеттик кабыл алуучу комиссияга тапшырат;
- Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте мамлекеттик салымдардын жана Министрлик тарабынан бекитилген башка каржылоо булактарынын эсебинен жарандык коргонуу объекттерин куруу программасын жүзөгө ашырат;
- Министрликке тиешелүү жылга жарандык коргонуу жаатындагы курулуштар жана объекттер боюнча мамлекеттик салымдардын көлөмүн бөлүштүрүү жөнүндө тийиштүү сунуштарды киргизет;
- Министрликтин программасына киргизилген жарандык коргонуу жаатындагы коргоочу курулмалардын жана башка объекттердин курулушуна контроль жана техникалык көзөмөл жүргүзөт;
- жарандык коргонуу жаатындагы курулуштарды жана курулуш объекттерин баштапкы-уруксат, долбоорлоо-сметалык документтер менен өз убагында камсыздоонун уюштурулушун контролдойт; -жарандык коргонуу жаатындагы өтмө курулуш объекттери жөнүндө маалыматты түзөт;
- объекттерди куруу (оңдоо) жана негизги фонддорду күтүү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү, жалпыланган бюджеттик өтүнмөлөрдү иштеп чыгат;
- материалдык-техникалык ресурстар менен камсыздайт, ошондой эле табигый кырсыктардын кесепетинен бузулгандардын ордуна калыбына келтирилүүчү жана курулуучу объекттер үчүн жабдууларды жана механизмдерди сатып апат жана монтаждайт (орнотот);
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жана Кыргыз Республикасы менен тиешелүү макулдашуулары бар мамлекеттердин чек ара аймактарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис авариялыккалыбына келтирүү иштерин уюштурат жана жүргүзөт;
- коргоочу инженердик курулмалардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;
- авариялык-калыбына келтирүү иштери боюнча техникалык чечимдерди иштеп чыгат. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Департаменттин укуктары
9. Департамент ушул Жободо аныкталган негизги милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: - обочолонгон мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк укуктарды алууга жана алар боюнча жоопкерчилик тартууга, жалпы юрисдикциядагы соттордо доочу жана жоопкер болууга;
- Департаменттин карамагында турган мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде жарандык коргонуу жаатындагы курулуш объекттери боюнча иштерди координациялоону камсыздоого багытталган чечимдерди кабыл алууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча иштерди координациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды мекемелерден (уюмдардан) суроого жана алууга;
- ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө.
5. Департаменттин ишин уюштуруу
10. Департаментти директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Департаменттин директорунун орун басары болот. Директордун орун басары мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат жана түздөн-түз директорго баш иет, функциялык милдеттерине ылайык Департаменттин ишин уюштурат. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат. Департаменттин башкы бухгалтери Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
11. Департаменттин директору: - өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине түздөнтүз баш иет;
- Департаменттин ишин жетектейт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана иштин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Министрликтин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- Департаменттин атынан ишеним катсыз иштейт, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциядагы соттордо анын кызыкчылыгын билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алышбериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин мүлкүн, финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансы-чарбалык иши үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Департаменттин бардык кызматкерлеринин аткаруусу милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- директордун орун басарынын функциялык милдеттерин аныктайт;
- Департаменттин түзүмүн жана штаттык санын министрдин бекитүүсүнө берет;
- Департаменттин бөлүмдөрү (секторлору) жөнүндө жоболорду жана кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте Департаменттин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо жана жаза чараларын колдонот.
- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Департаменттин кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
13. Департаменттин мамлекеттик кызматчыларын ишке кабыл алуу, алардын кызмат өтөөсү жана бошотуу "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, эмгек мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана ушул Жобо менен жөнгө салынат.
6. Мүлкү
14. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле Департаментке оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген жана анын балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
15. Департаменттин негизги фонддорун, жүгүртүлүүчү каражаттарын жана пайдалануучу мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
7. Эсепке алуу жана отчеттуулук
16. Департамент оперативдүү, статистикалык жана бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт, мамлекеттик отчеттук документти Министрликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте берет.
8. Кайра уюштуруу жана жоюу
17. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
18. Департамент жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
19. Департамент жоюлган учурда анын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.