Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат

Байланыштар

Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Манас көчөсү 101/1

Телефону: (0312) 32-33-64

Электрондук почта: opn-geti@mail.ru

 

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат (мындан ары - ӨКК) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү талаптарды сактоо маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.

2. ӨКК өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. ӨКК юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары жана бланктары, ошондой эле Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.

4. ӨКК өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен өз ара аракеттенип жүргүзөт.

5. ӨККнын толук аталышы:

1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат";

2) расмий тилде: "Служба по пожарному надзору при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)

6. ӨККнын юридикалык дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, Жумабек көчөсү, 203/1.

2. ӨККнын максаттары жана милдеттери

7. ӨККнын ишинин максаты өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруу.

8. ӨККнын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- коргоо объектилерине карата өрт коопсуздугунун ченемдик укуктук актыларынын, техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу.

3. ӨККнын функциялары

9. ӨКК белгиленген иш чөйрөсүндө төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

1) көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары:

белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн сакталышын көзөмөлдөйт:

- өрткө каршы курулуш конструкцияларын, жабдууларын жана инвентарларын жасоодо, курууда, реконструкциялоодо, монтаждоодо, орнотуп-иштетүүдө, оңдоодо жана эксплуатациялоодо, ошондой эле өрттөн коргоо системаларын техникалык орнотууда өрт коопсуздугунун талаптарынын;

- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар, ошондой эле кызмат адамдары жана жеке адамдар тарабынан өрт коопсуздугунун талаптарынын, ченемдеринин жана эрежелеринин;

белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү контролдойт:

- өрттөн коргоо системаларын жана каражаттарын, анын ичинде өрттү өчүрүүнүн биринчи каражаттарынын оң абалда кармалышын;

- өрттү өчүрүүгө уюмдардын, ыктыярдуу өрткө каршы кошуундардын болушун жана даярдыгын;

- курулуш объектилеринин өрт коопсуздугу боюнча долбоордук документтерге шайкештигин;

- мыйзамдарда белгиленген тартипте товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин.

4. ӨККнын укуктары

10. ӨКК төмөнкүлөргө укуктуу:

- менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан бардык уюмдарда Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;

- өрт коопсуздугуна байланышкан маселелер боюнча комиссиялардын ишине катышуу үчүн ӨККнын өкүлдөрүн дайындоого;

- мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке жактарга текшерүү учурунда аныкталган өрт коопсуздугунун талаптарын бузууларды четтетүү жөнүндө милдеттүү буйруктарды (билдирүүлөрдү, көрсөтмөлөрдү) киргизүүгө;

- бузуунун мүнөзүн эске алуу менен негизделген мөөнөттө бузууларды четтетүүнү талап кылууга;

- мыйзамдарды бузуу жөнүндө материалдарды кароого, берилген ыйгарым укуктардын чегинде юридикалык жана жеке жактарга айып пул жана башка жаза түрлөрүн салууга;

- бузууга жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн көзөмөл, сот жана укук коргоо органдарына материалдарды берүүгө;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде маселелерди кароо үчүн эксперттерден жана адистерден турган жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө;

- республиканын мамлекеттик башкаруу органдары, уюмдар, илимий-изилдөө жана долбоорлоо-конструктордук институттар менен макулдашуу боюнча алардын адистерин өндүрүштүн, объектилердин жана жумуштардын коопсуздугуна байланышкан текшерүүлөр, көз карандысыз экспертизалар жана иштеп чыгуулар үчүн тартууга;

- мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринен жана кызмат адамдарынан, юридикалык жана жеке жактардан өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүнүк каттарды, маалыматтарды суроого жана акысыз алууга;

- уруксаттарды (күбөлүктөрдү) колдонуу шарттары аткарылбаган же болбосо коопсуздуктун талаптарын одоно бузуу аныкталган учурда, эгер бул кылмыш-жаза жоопкерчилигине кириптер кылбаса, лицензиялардын же аларды чакыртып алуунун, уруксаттардын жана күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото туруу же аларды чакыртып алуу жөнүндө, ошондой эле күбөлүктөрдүн колдонулушун токтотуп туруу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга (лицензиарларга) киргизүүгө;

- өрт коопсуздугунун талаптарын системалуу түрдө бузган кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын жетекчилерине сунуш киргизүүгө;

- Министрлик менен макулдашуу боюнча өз компетенциясынын чегинде, белгиленген тартипте эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга;

- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кийин жиберүү үчүн Министрликке төмөнкүлөр тууралуу сунуш киргизүүгө:

өрт коопсуздугу жаатында контролдоо-көзөмөлдөө ишин өркүндөтүү жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарба жүргүзүү субъекттердин жетекчилеринин өрт коопсуздугунун маселелери боюнча отчетторун угуу жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарга каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө.

101. ӨККнын кызматкерлери айырмалоо белгилери менен бекитилген үлгүдөгү ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу.

 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 467 токтомунун редакциясына ылайык)

 

5. ӨККнын ишин уюштуруу

11. ӨККны Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу боюнча башкы мамлекеттик инспектору болуп саналган директор жетектейт.

12. ӨККнын директорун Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.

ӨККнын директорунун бир орун басары болот. Директордун орун басары мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат жана түздөн түз ӨККнын директоруна баш иет, ӨККнын ишин өзүнүн функциялык милдеттерине ылайык уюштурат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)

13. ӨККнын директору:

- өз ишинде түздөн-түз Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине баш иет;

- ӨККнын ишин жетектейт жана ӨККга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу жана иштердин жыйынтыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Министрликтин чечимдеринин аткарылышын белгиленген тартипте камсыз кылат;

- ӨККнын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциядагы соттордо анын кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде ӨККнын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүү уюштурат;

- ӨККнын мүлкүн, финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди белгиленген тартипте кабыл алат жана финансы-чарбалык иши үчүн толук жоопкерчилик тартат;

- ӨККнын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине киргизет;

- ӨККнын түзүмдүк бөлүмдөрү жана кызматкерлердин кызматтык нускамалары жөнүндө жоболорду бекитет;

- белгиленген тартипте ведомстволук комиссияларды түзөт;

- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- ӨККнын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн мыйзамдарга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;

- ӨККнын кызматкерлерин Министрликтин ведомстволук сыйлыктарына көрсөтөт;

- белгиленген тартипте өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан бекитилген кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык ӨККнын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;

- ӨККнын кызматкерлерине сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын белгиленген тартипте колдонот.

 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 4672026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

14. ӨККнын өздүк курамы аскер кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер, кызматчылар, кенже жана техникалык тейлөөчү персонал менен толукталат.

15. Мамлекеттик инспекцияны жүргүзүү укугу берилген ӨККнын кызматкерлери аларга жүктөлгөн функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

Мамлекеттик инспекторлордун ӨККнын директору тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү энчилүү мөөрлөрү болот.

16. ӨККнын кызматкерлери белгиленген тартипте бекитилген эскертүүлөрдүн бланктарын жана отчеттуулук формаларын пайдаланышат.

ӨККнын кызматкерлеринде бирдей үлгүдөгү күбөлүктөрү, ошондой эле жеке номери бар мөөрлөрү болот.

17. ӨККнын кызматкерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоо Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

6. ӨККнын жоопкерчилиги

18. ӨККнын кызматкерлери аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, мыйзамга каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза, эмгек, административдик жана жарандык мыйзамдарына ылайык тартиптик, материалдык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

19. ӨККнын кызматкерлеринин иш-аракеттерине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

7. ӨККнын мүлкү жана финансы каражаты

20. ӨККнын негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсепке алуу жана отчеттуулук бухгалтердик, статистикалык эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

21. ӨККны каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:

- республикалык бюджеттин;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын.

8. Кайра уюштуруу жана жоюу

22. ӨККны кайра уюштуруу жана жоюу, ал жоюлган же кайра уюштурулган учурда мүлктү бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

23. ӨККнын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу