Мамлекеттик материалдык резервдер фонду

Байланыштар

Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ч.Айтматов көчөсү 1

Телефон: (0312)-56-35-50

Электрондук почта: fgmr-007@mail.ru 

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (мындан ары - Фонд) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аткаруу жана контролдоо функцияларын, ошондой эле мамлекеттик материалдык резерв тутумун башкарууну ишке ашырууга, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштырууда, сактоодо, алмаштырууда, жаңылоодо жана пайдаланууда "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыздоого ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмүнүн статусундагы Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.

Фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун укуктук мураскери болуп эсептелет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 546 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Фонд өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.

3. Фонд юридикалык жактын укуктук жөндөмдүүлүгүнө ээ, өз алдынча балансы жана ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алыш-бериш жана башка эсептери бар.

4. Фонддун толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду";

- расмий тилде: "Фонд государственных материальных резервов при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".

Фонддун кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "КР ӨКМ караштуу ММРФ";

- расмий тилде: "ФГМР при МЧС КР".

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 546 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Фонддун юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 190.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы N 91 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Фонддун максаты жана милдеттери

6. Фонддун максаты мамлекеттик материалдык резерв тутумунун туруктуу иштешин камсыздоо болуп эсептелет.

7. Фонддун милдеттери:

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын башкаруу;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мобилизациялык пландарда белгиленген тапшырмалардын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө жана согуштук абалды киргизген, мобилизациялоо же согуш убагындагы мобилизациялык тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо;

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын коюуну, топтоону, сактоону, жаңылоону жана чыгарууну уюштуруу;

- мамлекеттик материалдык резервдин негизги фонддорун кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу, мамлекеттик материалдык резерв тутумун экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу.

- аштык буудай данын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүү жана майдалоо.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 208 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Фонддун функциялары

8. Фонд ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:

- мамлекеттик материалдык резервдин тутумун башкарат, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштырууда, сактоодо, алмаштырууда, жаңылоодо жана пайдаланууда "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын коюуну, топтоону, сактоону жана чыгарууну уюштуруу тутумун өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат жана киргизет;

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын номенклатурасы жана топтоо ченемдери боюнча сунуштарды жана мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын түзүүдөгү жана сактоодогу чыгымдардын көлөмү жана түзүмү боюнча республикалык бюджеттин долбооруна сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;

- мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте жогорку органдарга берет;

- мамлекеттик материалдык резервди топтоо ченеми, жеткирип берүү, коюу, жайгаштыруу орундары жана иш жүзүндөгү запасы жөнүндө маалыматтарды жашыруундук режимин сактоо менен берет;

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын башкаруунун тиешелүү эрежелерин белгиленген тартипте иштеп чыгат жана киргизет;

2) жөнгө салуу функциялары:

- мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды берүүчүлөрдү тандап алат жана заказдарды жайгаштырат, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды берүүчүлөр менен келишимдерди түзөт;

- Фонддун жооптуу сактоочулары тарабынан берилген материалдык баалуулуктарды кабыл алуу жөнүндө сактоо милдеттенмелеринин актыларына, материалдык жооптуу адамдарынын кабыл алуу актыларына ылайык, жооптуу сактоочулар тарабынан берилген сактоо милдеттенмелерге ылайык материалдык баалуулуктарды коюуну, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды брондон чыгарууну жана чыгарууну жүзөгө ашырат;

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын бюджеттик уюмдар боюнча өз убагында жаңылоо максатында, тиешелүү жылга республикалык бюджетте аларды сатып алууга каралган каражаттардын чегинде, монополияга каршы жөнгө салуу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген баада биринчи кезекте бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырат;

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоочулардын тизмегин түзүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизет;

3) координациялоо жана контролдоо функциялары:

- "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан жооптуу сактоочулар тарабынан мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын түзүү, жаңылоо, алмаштыруу, сактоо боюнча милдеттенмелердин аткарылышына контроль жүргүзөт;

- ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан мобилизациялык резервдин комплекттелишин контролдойт;

- ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан, ишканаларда жана уюмдарда сакталып турган мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сандык жана сапаттык жактан текшерет, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу көрсөтмөлөрдү берет, текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө актыларды түзөт,

4) колдоо функциялары:

- тейлеген тармак чөйрөсүндө укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка функцияларды, ошондой эле Министрлик тарабынан белгиленген тартипте берилген функцияларды аткарат.

4. Фонддун укуктары

9. Фонд төмөнкүлөргө укуктуу:

- республиканын региондорунда мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын запастарын жайгаштыруу, сактоо, кайра иштетүү жана сатуу боюнча ведомстволук ишканаларды жана мекемелерди, филиалдарды жана башка пункттарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды зарылдыгына жараша белгиленген тартипте киргизүүгө;

- мамлекеттик материалдык резервдин брондон чыгарылган жана ченемден ашыкча материалдык баалуулуктарын, номенклатуралык эмес материалдык баалуулуктарын, карызды төлөөнүн эсебинен алынган мүлктү сатууга, анын ичинде мамлекеттик резервден берилген материалдык баалуулуктар үчүн карызды жоюунун эсебинен алынган, Фонд тарабынан сатылбаган мүлктү белгиленген тартипте убактылуу пайдаланууга берүүгө;

- 51 пайыздан кем эмес мамлекеттик үлүшү бар Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы кыска мөөнөттүү депозиттерде убактылуу бош каражаттарды белгиленген тартипте жайгаштырууга;

- белгиленген тартипте ага таандык болгон каражаттарга өз алдынча ээлик кылууга, аларды пайдаланууга жана тескөөгө;

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан материалдык баалуулуктардын номенклатурасы, топтоо көлөмү, аларды ыңгайлуу жайгаштыруу жана мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын коюу жана сактоо менен байланышкан маселелерди кароо жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу үчүн зарыл маалыматты, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды тапшыруу, жөнөтүү, коюу жөнүндө маалыматтарды алууга;

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо эрежелерине ылайык жайгаштырууну камсыздоо максатында өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы объектилерди курууну жана оңдоо иштерин жүргүзүүнү пландоого жана уюштурууга;

- Фонддун ишине тиешелүү маселелер боюнча зарылдыкка жараша келишимдик негизде башка уюмдардын жана эксперттердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга;

- күрөө мүлкүн баалоо үчүн келишимдик негизде көз карандысыз баалоочуну гана тартууга;

- Министрлик менен макулдашуу боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташтыкты ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык эл аралык контракттарды түзүүгө;

- "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленген тартипте түз инвестицияларды тартууга;

- мамлекеттик материалдык резервдин ишине тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн илимий-изилдөө жана билим берүү уюмдары менен келишимдерди түзүүгө;

- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча соттордо доогер жана жоопкер катары чыгууга, Фонддун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган мамлекеттик материалдык резерв менен байланышкан башка иштерди жүргүзүүгө.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 208 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Фонддун каражаттары

10. Фонддун атайын эсеби болот.

11. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган республикалык бюджеттен чегерүүлөрдөн;

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын, анын ичинде мамлекеттик материалдык резервдин кайра иштетүү продуктуларын, карызды жабуу катары алынган мүлктү, мамлекеттик материалдык резервдин номенклатуралык эмес материалдык баалуулуктарын, номенклатурадан ашыкча материалдык баалуулуктарын сатуудан түшкөн каражаттардан;

- мамлекеттик материалдык резервден берилген материалдык баалуулуктар үчүн карызды төлөөнүн эсебинен алынган, Фонд тарабынан сатылбаган мүлктү убактылуу пайдаланууга берүүдөн түшкөн кирешеден;

- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы Фонддун депозиттеринен алынган кирешелерден;

- мамлекеттик материалдык резервге коюлуучу жана андан чыгарылуучу материалдык баалуулуктардын наркынын айырмасынан;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан түшкөн кирешелерди пайдалануудан;

- материалдык баалуулуктарды брондон чыгаруу, убакыттагы айырма менен жаңылоо, алмашуу, карызга алып туруу жана сатуу тартибинде чыгарууда үстөктөн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 546 токтомдорунун редакциясына ылайык)

12. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө багытталат:

- мамлекеттик материалдык резервге коюу үчүн номенклатуралык материалдык баалуулуктарды сатып алууга;

- Фонддун ишинин алкагында максаттуу кызмат көрсөтүүлөр үчүн (майдалоо, сактоо, сатууга чыгымдар, газдоо, лабораториялык изилдөөлөр, жүктү коштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын өткөрүү, жүктөө, түшүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, темир жолдордо мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктары жүктөлгөн вагондорду маневр кылуу, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн данды кабыл алуу үчүн убактылуу пункттардын чыгымдары ж.б.) жеткирүүчүлөргө жана жооптуу сактоочуларга акы төлөөгө;

- бажы кызмат көрсөтүүлөрү жана темир жол кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөөгө;

- карызды төлөөнүн эсебинен алынган объекттерди коргоого жана башка чыгымдарга акы төлөөгө;

- Фонддун кызматтык жайларынын жана башка кыймылсыз мүлк объекттеринин ижарасын төлөөгө;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча материалдык баалуулуктарды сатып алууга;

- материалдык баалуулуктарды чыгаруудагы жана брондон чыгаруудагы чыгымдарга;

- Фонддун материалдык-техникалык жана социалдык базасын алууга жана чыңдоого, автотранспортун сатып алууга жана тейлөөгө, инфратүзүмүн алууга, курууга жана күтүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Фонддун иш сапарлык чыгымдарын төлөөгө;

- Фонддун өндүрүштүк зарылдыгы боюнча эмгек келишимдери боюнча чыгымдарга;

- Фонддун кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө.

Күндөлүк чыгымдарды, анын ичинде ишти камсыз кылууга жана жакшыртууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого, кызматкерлердин социалдык-эмгектик мамилелерин жөнгө салууга чыгымдарды жабууга байланышкан иш-чаралар боюнча чыгымдардын сметасы бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча, атайын эсептин отчеттук жыл үчүн бекитилген чыгымдар сметасынын 10%ынан ашпаган чекте бекитилет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 546, 2023-жылдын 15-мартындагы № 142 токтомунун редакциясына ылайык)

13. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 546 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

14. Материалдык баалуулуктар менен болгон операциялар боюнча мүлктүк жоопкерчилик "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

6. Фонддун бюджети, отчеттуулугу жана аудити

15. Фонддун бюджетин пайдалануу жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылат.

16. Фонддун ишинин аудити Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

17. Ишканаларда - жооптуу сактоочуларда мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын эсепке алуу жана отчет берүү белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

18. Фонд колдонуудагы эрежелер жана методикалар боюнча оперативдүү, бухгалтердик, статистикалык эсеп жүргүзөт, өткөрүп берилген мүлктүн, бюджеттик жана башка каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдойт.

7. Фонддун түзүмү жана ишин уюштуруу

19. Фондду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызмат ордуна дайындоочу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрага башкарат.

20. Фонддун төрагасынын бир орун басары болот. Төраганын орун басары мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат жана түздөн-түз Фонддун төрагасына баш иет, Фонддун ишин өзүнүн функциялык милдеттерине ылайык уюштурат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)

21. Фонддун төрагасы:

- Фонддун ишин башкарат жана Фондго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана иштин жыйынтыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- биринчи кол коюу укугуна ээ болуу менен финансы каражаттарынын башкы тескөөчүсү болуп эсептелет;

- төраганын орун басарынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин функциялык милдеттерин, жоопкерчилик деңгээлин аныктайт;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине Фонддун штаттык ырааттамасын жана түзүмүн бекитүүгө берет;

- түзүмдүк аймактык бөлүмдөрдүн жоболорун жана Фонддун кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;

- Фонддун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот, ошондой эле аларга карата сыйлоо чараларын жана тартип жазаларын көрөт;

- Фонддун кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш. болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын контролдойт;

- Фонддун кызматкерлерине сый акы төлөөнүн шарттарын жана тартибин бекитет;

- белгиленген тартипте Фонддун мүлкүн жана каражаттарын тескейт;

- ички иш тартибин белгилейт;

- Кыргыз Республикасынын банктарында Фонддун атына эсептерди ачат.

- Фонддун атынан ишеним каттарын берет.

- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)

22. Фонддун мамлекеттик материалдык резервди түзүү жана сактоо менен байланышкан бардык иши мамлекеттик сырдын жана жашыруундук режиминин сакталышын камсыздоо боюнча талаптарды катуу сактоого ылайык жүргүзүлөт.

8. Жоопкерчилик

23. Фонддун кызмат адамдары аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, мыйзамсыз аракеттер (аракетсиздик) жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик, материалдык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартышат.

24. Фонддун кызматкерлеринин аракеттерине Кыргыз Республикасынын эмгек жана административдик мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга болот.

9. Корутунду жоболор

25. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

26. Фонддун ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу