Окуу-изилдөө борбору
Байланыштар
Юридикалык дарек: Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленинское айылы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аскер шаары
Телефон: (312) 446 190
Электрондук почта: s.c.mchs@mail.ru
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет, анын ишинин предмети болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) компетенциясынын чегинде Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы окутуу, илимий-изилдөө иши эсептелет.
2. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Борбор Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун укук улантуучусу болуп эсептелет.
Борбор аскердик мекеме болуп саналат, жогорку жана орто кесиптик билими, Министрликте практикалык иш стажы бар аскер кызматчылары жана кызматчылар менен комплекттелет.
4. Борбор юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы, штампы, эмблемасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Борбордун юридикалык дареги: 724319, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленин айылы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер шаарчасы.
5. Борбордун толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору";
расмий тилде: "Учебно-исследовательский центр при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
6. Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ОИБ";
- расмий тилде: "УИЦ".
2-глава. Борбордун максаттары жана милдеттери
7. Борбор Жарандык коргонуунун жана өрт коопсуздугунун жетектөөчү, командалык-жетектөөчү курамын, мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин кызмат адамдарын, калкты, билим берүү уюмдарынын угуучуларын жана студенттерин Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал коркунучу жана пайда болуу шарттарында аракет көрүүгө окутуу жана даярдоо боюнча бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында түзүлгөн.
8. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- адистерди окутуу, даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жана тынчтык жана согуш мезгилинде жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик жактан өсүүсү үчүн шарттарды түзүү;
- Министрликтин илимий-изилдөө иштерин уюштуруу, жүргүзүү жана Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу;
- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында фундаменталдык жана колдонмо илимдерди өнүктүрүү;
- Борбордун компетенциясынын чегинде продукцияны (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) стандартташтыруу боюнча иштерге катышуу жана ишке ашыруу;
- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы артыкчылыктуу долбоорлоо-изилдөө иштерин илимий-методикалык жактан коштоо;
- алдынкы инновациялык технологияларды (методдорду) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу боюнча билимдерди илгерилетүү жана жайылтуу;
- өрттүн келип чыгышын, өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана кесепеттерин аныктоо жана изилдөө боюнча эксперттик изилдөөлөрдү илимий-методикалык жактан коштоо.
3-глава. Борбордун функциялары
9. Борбордун функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын профилдик кафедралары, анын ичинде башка мамлекеттердин окуу жайлары менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу жана Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында атайын сабактардын бирдиктүү окуу пландарын жана программаларын биргелешип иштеп чыгуу;
- Министрликтин компетенциясынын чегинде лицензиялык ишти илимий-методикалык жактан камсыздоого катышуу;
- юридикалык жана жеке жактарга окутуу иши боюнча кызмат көрсөтүү;
- калкты өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерге үйрөтүү, Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы билимдерди пропагандалоо жана жайылтуу;
- продукциянын, буюмдардын, заттардын жана материалдардын (анын ичинде курулуш конструкцияларынын, материалдардын жана оттон корголгон каражаттарынын) өрт коопсуздугунун белгиленген талаптарына жана иштин белгиленген чөйрөсүндө эмгекти коргоо талаптарына шайкештигине изилдөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзүү;
- Борбордун компетенциясынын чегинде өрттүн келип чыгуу себептерин, өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана кесепеттерин аныктоо жана иликтөө боюнча өзгөчө кырдаалдарды эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышуу;
- полиграфиялык ишти жүзөгө ашыруу, басма продукцияларын (илимий-техникалык адабияттар, ченемдик, методикалык жана башка документтер) даярдоо, өндүрүү, чыгаруу жана жайылтуу, көчүрмөлөрүн жасоо жана электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү продукцияларды, программалык продукцияларды чыгаруу;
- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында илимий-техникалык кеңеш берүү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзүү;
- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы билимдерди пропагандалоо, окуу жана методикалык материалдарды даярдоо жана чыгаруу, семинарларды жана илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү.
- министрликтерге, мамлекеттик комитетке жана административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн жетекчилерин, кызмат адамдарын Жарандык коргонуу жаатында даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды аткарбагандыгы үчүн аткаруу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 386 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Борбордун укуктары
10. Иштин белгиленген чөйрөсүндө функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген үлгүдөгү окуу сертификаттарын жана/же күбөлүктөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
- Борбордун илимий-изилдөө жана окуу-методикалык ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты уюмдардан суроого жана алууга;
- илимий-изилдөө эмгектерин, окуу-методикалык колдонмолорду, брошюраларды, окуу китептерин чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Борбордун бөлмөлөрүн жана техникалык жабдууларын конференцияларды, семинарларды, жыйналыштарды жана тегерек столдорду өткөрүү үчүн берүүгө, ошондой эле кампалардын жана бокстордун имараттарын жеке жана юридикалык жактарга ижарага берүүгө;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Жарандык коргонуу жаатында башка мамлекеттердин жогорку кесиптик окуу жайлары менен кызматташууну ишке ашырууга, угуучуларды окутууга жана Борбордун окутуучулук курамынын квалификациясын жогорулатууга;
- окуп жаткандарды тарбиялоонун жана окутуунун каражаттарын жана методдорун, окуу сабактарын өткөрүүнүн формасын өз алдынча аныктоого;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган укуктарды колдонууга;
- Борбордун ишине зарыл болгон материалдарды Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнөн алууга;
- башка жогорку кесиптик окуу жайларынан тартылган окутуучулардын эмгегине акы төлөө фондуна ээ болууга. Окутуучуларга эмгек акы төлөө аяктаган окуу жүктөмүнүн көлөмүнө жараша белгиленген тартипте аныкталат;
- окутуу/даярдоо процессин тиешелүү илимий-теориялык, методикалык жана уюштуруучулук деңгээлде Борбордун программаларына ылайык, саатына эмгек акы төлөө аркылуу камсыз кылуу үчүн профессордук-окутуучу жана көмөкчү педагогикалык курамды тартууга.
11. Борбор белгиленген иш чөйрөсүндө юридикалык жана жеке жактар менен келишимдер боюнча, анын ичинде акы төлөө негизинде (мыйзамдарда караган учурларда) иштин төмөнкүдөй жана башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга укуктуу:
- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында ар кандай адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик жактан кайра даярдоо үчүн кызматкерлердин жана уюмдардын ар кандай категорияларын окутуу үчүн окутуу программаларын жана окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу;
- уюмдарда (анын ичинде чет өлкөлүк) эмгектенген же кызматтык иш жүргүзгөн адамдарды Жарандык коргонуу, өрт жана өнөр жай коопсуздугу жаатында кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу;
- продукциялардын, буюмдардын, заттардын жана материалдардын өрт коопсуздугунун, өнөр жай коопсуздугунун белгиленген талаптарына жана эмгекти коргоонун талаптарына шайкештигине изилдөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзүү;
- коргоо объекттеринин (анын ичинде оттон корголгон конструкциялардын, буюмдардын жана материалдардын) өрт коопсуздугунун талаптарына жана (же) техникалык шарттарга шайкештигин баалоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик- техникалык, илимий-методикалык жана уюштуруу-укуктук, ченемдик укуктук актыларды жана документтерди иштеп чыгууга катышуу;
- өрт жана өнөр жай коопсуздугу жаатында илимий-техникалык консультация берүү;
- белгиленген тармакта продукцияны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, сапат менеджментинин системасын сертификациялоо;
- Борбордун компетенциясынын чегинде өрт-техникалык экспертизаларды жана өрт жөнүндө иштер боюнча эксперттик изилдөөлөрдү, ошондой эле башка экспертизаларды жана изилдөөлөрдү аткаруу;
- Министрликтин ишинин белгиленген тармагында илимий-техникалык адабияттарды, окуу-методикалык колдонмолорду, ченемдик, маалыматтык-статистикалык материалдарды жана башка басма продукцияларын даярдоо, басып чыгаруу жана жайылтуу;
- өрт коопсуздугу жаатындагы адистерди (эксперттерди) аттестациялоо боюнча, анын ичинде продукциянын өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин тастыктоо боюнча ведомстволук жана ведомстволор аралык комиссиялардын ишин уюштурууга катышуу, продукциянын өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин тастыктоо боюнча адис (эксперт) катары аттестациялоого талапкер билдирүүчүлөр үчүн квалификациялык экзамендерди өткөрүү.
12. Борбор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтө алат.
13. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр Борбор тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген баалар боюнча көрсөтүлөт.
14. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияларды, күбөлүктөрдү же сертификаттарды алуу талап кылынган иштин бардык түрлөрү Борбор тарабынан көрсөтүлгөн документтер болгондо гана жүзөгө ашырылат.
15. Борбор тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу иштин негизги түрлөрүнүн ордуна же ага зыян келтире албайт.
5-глава. Борбордун ишин уюштуруу
16. Борбордун ишин башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Министрликтин ченемдик укуктук жана башкаруу актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
17. Борборду башчы башкарат, аны Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
Борбордун башчысы министрге, анын орун басарларына баш иет, жеке башкаруунун негизинде борборду жетектейт жана ченемдик укуктук актыларга жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тескөөчү документтерине ылайык Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Борбордун башчысы министрдин сунушусуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын демилгеси менен кызматынан бошотулушу мүмкүн.
18. Борбордун башчысы:
- Борбордун атынан ишеним катсыз аракеттенет, анын кызыкчылыгын коргойт;
- финансылык документтерге кол коюуга укуктуу, Борбордун финансы-чарбалык ишин белгиленген тартипте жүргүзөт;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
- Борбордун бөлүмдөрүнүн кызматтык милдеттерин белгиленген тартипте бекитет;
- Борбордун ишинин негизги түрлөрүн ишке ашыруу максатында Министрликтин карамагындагы түзүмдүк, аймактык бөлүмдөр жана мекемелер менен Борбордун өз ара аракеттенүүсүн белгиленген тартипте уюштурат;
- Борбордун мүлкүн натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат жана көрсөтүлгөн мүлктү аны пайдалануунун ченемдик документтерине ылайык эксплуатациялоону камсыз кылат;
- Борбордун финансылык, чарбалык жана башка ишинин ыкчам, бюджеттик жана статистикалык эсебин жүргүзүүнү уюштурууну камсыз кылат;
- Борбордун лабораториялык жана окутуучулук ишинин сапаты маселелери боюнча ички текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштурат;
- мамлекеттик сырды жана маалыматтын коопсуздугун коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштурат;
- жарандарды кабыл алууну уюштурат жана жүргүзөт, Борбордун ишинин маселеси боюнча сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карайт, алар боюнча зарыл чараларды көрөт;
- Борбордун ишинде мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылат, кызматкерлер жана жумушчулар тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын контролдоону уюштурат;
- белгиленген тартипте Министрликке Борбордун кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизет;
- мыйзам бузуучуларга окуудан чыгарууга чейинки зарыл чараларды колдонот, бул жөнүндө угуучуларды жиберген жетекчилерге жазуу жүзүндө маалымдайт;
- Борбордун туруктуу курамын тандоону, жайгаштырууну жана аскердик (эмгектик) тарбиялоону жүзөгө ашырат.
- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Борбордо башчынын орун басарынын кызмат орду каралган.
Борбордо башчынын орун басары Борбордун башчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Борбордун башчысы жок болгон мезгилде анын милдеттерин башчынын орун басары аткарат (бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык).
20. Илимий-изилдөө жана окуу-методикалык иштерди жүргүзүү жана уюштуруу маселелери Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин тиешелүү буйруктары менен регламенттелет.
21. Борбордун иши республикалык бюджеттен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик укук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан каржыланат.
22. Борборду материалдык-техникалык жактан камсыздоону Министрлик жабдуу табелине жана Борбордун башчысынын өтүнмөлөрүнө ылайык уюштурат.
6-глава. Корутунду жоболор
23. Борборду кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү, өзгөртүп түзүү) же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
24. Борбордун ишинин процессинде пайда болгон документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.