Сел жана суу ташкындарынан коргоо кызматы

Байланыштар:

Юридикалык дареги:

Ош шаары, Моминов көчөсү 11.

Телефондор: 

Директор - 0555342508;

Директордун орун басары – 0555112697;

Кадр бөлүмү – 0558112400;

Өндүрүш-техникалык бөлүмү - 0555112765

Электрондук почта: cvz-mes@mail.ru

Кызматы, милдеттери жана функциялары:

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" кызматы (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.

2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Кызмат мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, Казыналык системасында эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары бар.

4. Кызматтын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.

5. Кызматтын толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" кызматы";

- расмий тилде: "Служба "Сельводзащита" при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".

6. Кызматтын юридикалык дареги: 723510, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Моминова көчөсү, 11.

2. Кызматтын максаты жана милдеттери

7. Кызматтын негизги максаты болуп төмөнкүлөр саналат:

- калктуу конуштарды жана айыл чарба маанисиндеги жерлерди өзүнүн балансындагы селден коргоочу курулмаларды пайдалануу менен сел агымдарынын жана суу ташкындарынын зыяндуу таасирлеринен коргоо.

8. Кызматтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- оңдоо-калыбына келтирүү жана реабилитациялоо иштеринин жылдык жана кыска мөөнөттүү программаларын түзүү жана ишке ашыруу;

- сел ташкындарынын инфратүзүмүн (жээк коргоочу дамбаларды жана селден сактоочу жайларды) тийиштүү техникалык абалда кармоо;

- табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иштерди аткаруу.

3. Кызматтын функциялары

9. Кызмат өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:

- колдонуудагы ченемдик-техникалык документтердин негизинде илимий-изилдөө, изилдөө, долбоордук, оңдоо жана эксплуатациялык иштердин комплексин ишке ашыруу;

- селден коргоочу курулмаларды реабилитациялоо жана эксплуатациялоо жаатында илимий-техникалык иштерди жүргүзүү;

- Кызматтын облустук бөлүмдөрү тарабынан колдонуудагы селден коргоочу курулмаларды техникалык эксплуатациялоо;

- инженердик курулмаларды өз убагында техникалык тейлөөнү (капиталдык жана учурдагы оңдоону) камсыздоо;

- инженердик курулмаларды пайдалануу менен сел жана суу агымдарын коопсуз өткөрүүнү камсыздоо;

- жаңы коргоочу курулмаларды куруу;

- реабилитациялык, оңдоо-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү;

- өзөндөрдүн нугунун жана агын суулардын абалын изилдөө жана талдоо;

- бир жолку калыбына келтирүү иштеринин чыгымдарын эсептен чыгаруу боюнча сунуштарды даярдоо.

4. Кызматтын укуктары

10. Кызмат өзүнүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга, ал боюнча жоопкерчилик тартууга, жалпы юрисдикциядагы соттордо доочу жана жоопкер болууга;

- Кызматтын карамагындагы мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде аткаруу үчүн милдеттүү болгон жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, авариялардын жана кыйроолордун кесепеттерин жеңүү боюнча иштерди координациялоону камсыз кылуу үчүн багытталган чечимдерди кабыл алууга;

- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча иштерди координациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды мекемелерден (уюмдардан) суроого жана алууга;

- ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди аткаруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө.

5. Кызматтын ишин уюштуруу

11. Кызматты директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

- Кызматта директордун орун басары кызмат орду каралган, ал Кызматтын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

12. Кызматтын директору:

- өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине түздөн-туз баш иет;

- Кызматтын ишин жетектейт жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин, функциялардын аткарылышы жана иштин натыйжасы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- Кызматтын атынан ишеним катсыз иштейт, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциядагы соттордо анын кызыкчылыгын билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматтын мүлкүн, финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансы-чарбалык иши үчүн толук жоопкерчилик тартат;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кызматтын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;

- Кызматтын кызматкерлеринин, Кызматтын облустук бөлүмдөрүнүн начальниктеринин функциялык милдеттерин бекитет;

- Кызматтын түзүмүн жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин бекитүүсүнө берет;

- "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кызматтын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызматчыларын, эмгек мыйзамдарына ылайык башка кызматчыларды кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле аларга карата сыйлоо жана жаза чараларын колдонот;

- отчеттук жана башка документтерге кол коёт;

- Кызматтын милдеттеринен жана функцияларынан келип чыгуучу, ошондой эле ушул Жободо каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматтын чарбалык жана башка иши менен байланышкан келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды жана документтердин башка түрлөрүн түзөт;

- өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда оңдоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштери боюнча Кызматтын ишинин программасына өзгөртүүлөрдү киргизет.

- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)

 

6. Мүлкү

13. Кызматтын мүлкүн негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген жана Кызматтын балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.

14. Кызматтын негизги фонддорун, жүгүртүлүүчү каражаттарын жана пайдаланылуучу мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

7. Кайра уюштуруу жана жоюу

15. Кызматты кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

16. Кызмат жоюлган учурунда анын ишинин процессинде пайда болгон документтер, "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу