Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти
Жайгашкан дареги: 720033, Бишкек шаары, Манас проспекти 101/1, Жумабек көчөсү 203/1.
Байланыш телефону: (0312)32 30 71
Электрондук почта: depmon@mail.ru
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) кооптуу табигый жана техногендик процесстерге мониторинг жүргүзүү, божомолдоо жаатындагы ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
- Департамент мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет жана ага бекитилген мүлккө оперативдүү башкарууну ишке ашырат. Казыналык системасында эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары бар.
- Департаменттин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
- Департаментти камсыздоого чыгымдарды каржылоо тиешелүү жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Департаменттин фунционалдык милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- калкты жана аймактарды кооптуу табигый жана техногендик процесстерден коргоого багытталган өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо, алдын алуу;
- калкты жана аймактарды коргоону камсыздоо үчүн табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы кооптуу табигый процесстер менен кубулуштардын өрчүүсүнүн жана активдешүүсүнүн божомолдорун иштеп чыгуу.
Департаменттин максаттары болуп:
- калкты жана аймактарды кооптуу табигый жана техногендик процесстерден коргоого багытталган өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо, алдын алуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу саналат.
Департаменттин функциялары:
- Департамент жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) жөнгө салуу функцияларын:
- кооптуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүү, божомолдоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат;
- кызыкдар уюмдар менен бирдикте өзгөчө кырдаалдарда адамдардын өмүрү менен ден соолугун, материалдык жана маданий баалуулуктарды коргоо, ошондой эле экономиканын тармактарынын иштөөсүнүн туруктуулугун жогорулатуу максатында илимий-изилдөө жана долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүүнү уюштурат;
- Министрлик тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жүргүзүлүүчү алдын алуу, коргоо жана авариялык-калыбына келтирүү иш-чаралары боюнча сунуштарды даярдоого катышат;
- долбоордук-изилдөө, илимий-изилдөө, курулуш уюмдары менен өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо, алдын алуу жана кесепеттерин жоюу менен байланышкан иштерди аткаруу жөнүндө келишимдерди түзөт, ошондой эле аталган органдар менен бирдикте алардын аткарылышын уюштурат;
- тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү үчүн кооптуу табигый процесстердин жана кубулуштардын активдешүүсүнүн мүмкүндүгүнө мониторинг жүргүзөт жана алар боюнча корутунду, кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү божомолдорду берет;
- кооптуу табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга кабылышы ыктымал болгон конкреттүү участоктордо геомаалыматтык системаларды колдонуп, андан ары тыянактарды жана корутундуларды чыгаруу менен комплекстүү инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурат;
- илимий-изилдөө иштеринин пландарын иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Министрликке бекитүүгө берет жана кооптуу табигый процесстердин алдын алуу жана жоюу боюнча иштердин пландарын түзүүдө сунуштарды киргизет;
- конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүү жолу менен өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жаатындагы билимдерди пропагандалайт жана жайылтат;
- кооптуу табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга кабылышы ыктымал болгон участоктордо илимий-изилдөө, долбоордук-изилдөө жана алдын алуу иштерин жүргүзүү, ошондой эле болжолдуу материалдарды даярдоо жана чыгаруу үчүн товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө, белгиленген тартипте мамлекеттик сатып алууларды жүргүзөт;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга жана уюмдарга өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо, кооптуу жана табигый процесстер менен кубулуштарга туш болгон участоктордон калкты жана объекттерди көчүрүү боюнча биринчи кезектеги алдын алуу иштерин аткаруу жөнүндө аткаруу үчүн милдеттүү болгон жазма буйруктарды берет;
2) координациялоо функцияларын:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу коргоочу курулмаларды куруу жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринин пландарын түзүүдө сунуштарды даярдоого катышат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу табигый жана техногендик процесстер менен кубулуштарды изилдөө маселелери боюнча иштеген уюмдардын, анын ичинен илимий-изилдөө жана долбоордук-изилдөө уюмдарынын ишин координациялайт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо чөйрөсүндө эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- кооптуу табигый жана техногендик процесстерге мониторинг жүргүзүү бөлүгүндө Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт;
- Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүлөрүн уюштурат жана координациялайт;
3) колдоо функцияларын: - кызматкерлерди өзгөчө кырдаалдардын зоналарында иштөөдө, кооптуу табигый жана техногендик процесстер менен кубулуштарды изилдөөдө күтүүсүз кырсыктардан жана каза болуудан камсыздандырууну жүргүзөт;
- табигый жана техногендик коркунучтарга комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасынын иштешин уюштурат.
Департаменттин укуктары –
Департамент ушул Жободо аныкталган өзүнүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жаатында көз карандысыз экспертизаларды жүргүзүү үчүн илимий-изилдөө, долбоордук-изилдөө жана башка уюмдардын адистерин тартууга;
- өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү боюнча ишти координациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды мамлекеттик органдардан, юридикалык жактардан суроого жана акы төлөбөстөн алууга;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга карата сунуштарды киргизүүгө;
- байланышуу жана маалымат берүү үчүн байланыштын республикалык системаларын жана ведомстволук тармактарын артыкчылыктуу тартипте колдонууга;
- эксплуатациялоого берилүүгө тийиш эмес объекттерди биринчи кезектеги алдын алуу жана калыбына келтирүү иштерине, маалыматтык, методикалык жана илимий мүнөздөгү изилдөө иштерине байланышкан чыгымдарды белгиленген тартипте эсептен чыгарууга;
- Министрликке төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө: жылдын ичинде өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурларда Министрликтин авариялык-калыбына келтирүү иштеринин программаларына (планына) толуктоолорду киргизүү жөнүндө;
-калкты тартуу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана уюмдардын алдын алуу жана калыбына келтирүү иштерин уюштуруусу үчүн материалдык ресурстарды бөлүп берүү жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.
Департаменттин ишин уюштуруу - Департаментти директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Директордун орун басары мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат жана түздөн-түз директорго баш иет, функциялык милдеттерине ылайык Департаменттин ишин уюштурат. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
- Департаменттин директору: - өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине түздөн-түз баш иет;
- Департаменттин ишин жетектейт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана иштин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Министрликтин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- Департаменттин атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциядагы соттордо анын кызыкчылыгын билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Департаменттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин мүлкүн, финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансы-чарбалык иши үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин түзүмүн жана штаттык санын министрдин бекитүүсүнө берет;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү жана кызматкерлеринин кызматтык нускамалары жөнүндө жоболорду бекитет;
- министрдин кадрдык номенклатурасына кирген Департаменттин директорунун орун басарынан жана башкы бухгалтеринен тышкары, Департаменттин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот.
- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Департаменттин мамлекеттик кызматчыларын ишке кабыл ал уу, алардын кызмат өтөөсү жана бошотуу, Департаменттин кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, эмгек мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана ушул Жобо менен жөнгө салынат. Кайра уюштуруу жана жоюу;
- Департаментти кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
- Департамент жоюлган учурда анын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.