Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти

Байланыштар

Юридикалык дарек: Бишкек шаары, Осмонкул көч. 128
Ош шаары, Моминов көчөсү, 11 тел.

Телефондор: (0312) 68-11-20, (03222)7-01-40; 

Электрондук почта: aars_mes.kg@mail.ru

 

Кызматы, милдеттери жана функциялары

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департамент (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) карамагындагы калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө боюнча ишти жүргүзүүчү Министрликтин ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.

Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.

Департамент мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенет.

Департамент өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүүчү каражаттарга ээ. Ишти каржылоо тиешелүү жыл үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүлөт.

Департамент юридикалык жак болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы бар мөөргө, штампка, Казыналык системасында алыш-бериш эсепке ээ.

Департаменттин максаты болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдө коопсуздукту камсыздоо жана коопсуздуктун белгиленген талаптарын сактоо боюнча иш-чараларды аткаруу эсептелет.

 

Департаменттин милдеттери:

 

- Министрликтин карамагындагы калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын радиациялык коопсуздуктун эл аралык критерийлерине ылайык келтирүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында авариялык-калыбына келтирүү жана реабилитациялык иштердин жылдык пландарын түзүү жана ишке ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында реабилитациялык жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринин аткарылышына ведомстволук өндүрүштүк-техникалык мониторинг жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында коопсуздукту камсыздоого багытталган программаларды жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Департамент төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында мониторингди жана иштетүүнү жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын иштетүү боюнча илимий-изилдөө, долбоорлоо-изилдөө, алдын алуу, коргоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринин планын белгиленген тартипте иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине бекитүүгө киргизет;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар менен иштөө чөйрөсүндө радиациялык коопсуздук боюнча программаларды белгиленген тартипте жөнгө салуучу органга макулдашууга берет;

- калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын иштетүү жаатында башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууга катышат;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында илимий-изилдөө, долбоорлоо-изилдөө, алдын алуу, коргоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын тартат;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында илимий-изилдөө, долбоорлоо-изилдөө, алдын алуу жана коргоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууда мыйзамдарга ылайык конкурстук тандоолорду (тендерлерди) өткөрөт;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын эсебин, коопсуздугун баалоону жана паспорттоштурууну жүргүзөт;

- мамлекеттик жашыруун сыр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен жарандардын, юридикалык жактардын, анын ичинде коомдук уюмдардын, мамлекеттик бийлик органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талаптары боюнча Департаменттин ишинин маселелери боюнча маалыматтарды берет;

- калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын аймактарында радиациялык абал жөнүндө калкка, мамлекеттик бийлик органдарына, башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымдайт;

- Министрликтин карамагындагы калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын рекультивациялоо боюнча иш-чаралардын комплексин жүргүзөт.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу